КЫЗДАР ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА КАРШЫ

  • 07.10.2025
  • 0

Чүй облусунун Кайыңды шаарында зордук-зомбулуктун жана эрте турмуш курууну алдын алууну көздөгөн футбол турнири өткөрүлдү. Ал Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси жана Түштүк Кореянын Кыргызстандагы “Волд-Шэйо-Келечек” корпорациясынын демөөрчүлүгү менен уюштурулду.

Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Мыскал Алымбаеванын айтымында, иш-чарага Панфилов районунун жалпы билим берүү орто мектептеринен келген 19 команданын ар биринде 13 окуучу кыз болуп, жалпысынан 250 кыз катышты.

Турнир жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар кызыгуу менен оюн көрсөтүштү. Иш-чара башталар алдында бардык катышуучуларга шаурма жана суусундуктар таратылды.

Таймаштын соңунда жеңүүчүлөр аныкталып, алар дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

Калыстар кызыктуу оюн көрсөткөн В.В.Казаченко атындагы мектептин оюнчуларын жеңүүчү деп таап, кубок, диплом жана кызыктыруучу белектерди тапшырды. Экинчи орунду К.Сулайманова атындагы мектептин командасы ээлесе, үчүнчү байгелүү орун Чалдобар мектебине тийди. Андан тышкары, калыстар Ж.Болотбеков атындагы мектептин командасынын аракеттерин да көз жаздымда калтырбай, төртүнчү орунду ыйгарышты.

Иш-чаранын максаты — кыздар арасында спортко болгон кызыгууну арттыруу, ден соолукту чыңдоо жана социалдык маселелердин алдын алуу.

Жеке эле оюнду эмес, учурда актуалдуу болуп коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп жаткан зордук-зомбулук маселесин көтөргөн иш-чарага Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары

А.Иманов, Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Султаналиева, Панфилов райондук ИИБдин начальниги, милициянын подполковниги Т.Мамбетказиев, “Волд-Шэйо-Келечек” корпорациясынын директору Ким Янг Су, Панфилов райондук аскер комиссариатынын комиссары К.Молдалиев, Панфилов райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы К.Орозов, Футбол федерациясынын судьяларды өнүктүрүү боюнча менеджери К.Мырсабеков жана жалпы билим берүү орто мектептеринин окуучу кыздары жана алардын машыктыруучулары катышты.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер