КЫРГЫЗСТАНДЫН ТИГҮҮ ӨНДҮРҮШҮНҮН БОЛОЧОК ТЕХНОЛОГДОРУ
- 03.02.2025
- 0
Ош технологиялык университети Кыргызстандын тигүү өндүрүшүнө келечекте зор салым кошуучу кесипкөй технологдорду даярдайт.
Окуу жайдын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда университеттин алдыңкы окуучулары окуу бөлүмүнүн карьера борборунун жетектчилиги астында Ош шаарындагы ОсОО “Дастан Стиль” тигүү фабрикасында такшалмадан өтүп жатышат.
Стажировканын алкагында студенттерге жумшак көндүмдөр боюнча тренинг уюштурулуп, жумуш берүүчүлөр талап кылып жаткан тайм менеджмент, коммуникация, критикалык ой жүгүртүү, конфликттерди чече билүү тууралуу маалыматтар берилди.
Бул стажировка USAID жана Ага Хан Фондунун колдоосу менен жүргүзүлүп келе жаткан “Жергиликтүү өзгөрүү” долбоорунун Жаштар үчүн стажировка программасынын алкагында уюштурулган.
Мындай окутуулар эл аралык рынокко туруштук бере алчу өндүрүшкө адистерди даярдоого максатталат. Студенттер алган теориялык билимдери менен өндүрүш практикасын айкалыштыруу менен кыргыз жеңил өнөр жай тармагынын өрдөшүнө шарт түзөт.
Адистерди Корея, Кытай, Европадан билимин өркүндөтүү үчүн Ош технологиялык университетинде 5 чет тили акысыз окутулат.
Учурда тигүү тармагында өз продукциялары менен ОшТУнун 100дөгөн бүтүрүүчүлөрү кардарларын кубантууда.
Комментарийлер