КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР БИОМЕТРИЯЛЫК ЖАЛПЫ ЖАРАНДЫК ПАСПОРТ АЛЫШАТ

  • 10.01.2018
  • 0

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылдан тарта Кыргызстандын жарандарына биометриялык жалпы жарандык паспортторду берүүнү пландап жатат. Бул маалыматты ведомствонун басма сөз кызматы таратты.

Биометриялык технологияны колдонууну жайылтуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында жалпы жарандык биометриялык паспортторду даярдоочу жабдуулар сатылып алынган.

Биометриялык жалпы жарандык паспорттор документтердеги коопсуздукту күчөтүү, жасалма документтерди даярдоо жана Кыргызстандын элин документ менен камсыздоо системасына эң алдыңкы технологияларды киргизүү максатын көздөйт.

Г.А., “КБ”.КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР БИОМЕТРИЯЛЫК ЖАЛПЫ ЖАРАНДЫК ПАСПОРТ АЛЫШАТ

Бөлүшүү

Комментарийлер