КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР АЛДЫҢКЫ САПТА
- 25.11.2024
- 0
Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн STEM билим берүүсү боюнча эл аралык таймашта кыргызстандык окуучулар 79 команданын арасынан 18-орунду ээлеп, эң мыкты жыйырма командага кошулду.
Кыргызстандык окуучуларды эл аралык таймашка даярдап барган «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик академиясынын «Жаш инженер» клубунун жетекчиси Нурлан Жоогаштиевдин айтуусунда Астананын №103 мектебинде уюштурулган бул олимпиадага Орусиянын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын командалары катышып, биздин окуучулар жакшы жыйынтык көрсөтүштү.
— Окуучуларыбыз тандалып алынган 20 команданын арасында эмки жылы Астана шаарында өтүүчү эл аралык олимпиадага бармакчы, — дейт Нурлан агай.
Мекендештерибизди кошуна мамлекеттеги STEM билим берүүсүнө карата жоопкерчиликтүү мамиле таң калтырганын да кошумчалай кетсек.
— Казакстанда информатика предметин 2-класстан баштап 11-класска чейин окутушат экен. Бизде 5-класстан 9-классска чейин сабак өтүлөт. Аларда 5-6 -класстардан тартып окуучуларга программалоо тилин, моделдештирүүнү үйрөтүп жатканы бизге чоң жаңылык болду. Бизде булар ЖОЖдо окутулат. Анан дагы биз, казак мектептери STEM билим берүүсү боюнча да мыкты жабдылганын байкадык, — деди окуучулардын саяпкери Нурлан Жоогаштиев.
P.S. Бул жагымдуу кабарды бизге Астанадан сыймыктуу жердешибиз, Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов жазып жиберген. Буюрса, жакынкы күндөрү Нурлан агай менен маектешип, эл аралык олимпиададан алган таасирлери менен кененирээк бөлүшөбүз.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер