КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ МАТЕМАТИКА ОЛИМПИАДАСЫНДА КОЛО МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ
- 06.08.2021
- 0
2021-жылдын 1-июлунан 4-июлуна чейин өспүрүмдөр арасында 25-Балкан математикалык олимпиадасы (JBMO 2021) болуп өттү. Ага 22 өлкөдөн 128 окуучу катышты. Олимпиаданын жыйынтыктары боюнча Бишкек шаарындагы Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейдин окуучусу Фёдор Корнияш коло медаль утуп алды. Аны олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.
Олимпиаданын алдында команда даярдыктан өткөн. Команданын курамында төмөнкү окуучулар болгон:
- Фёдор Корнияш, № 61 АФММЛ ОК
- Абдумалик Турсунов, Келечек-MIT
- Максим Залепо, № 61 АФММЛ ОК
- Станкулов Илим, «United World» эл аралык мектеби
- Нурсултан Эшперов, Газпром-Кыргызстан мектеби
- Актан Койчуманов, Газпром-Кыргызстан мектеби
КР БИМ басма сөз кызматы
Бөлүшүү
Комментарийлер