КЫРГЫЗСТАНДА ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫН ИШКЕ АШЫРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНАТ

  • 10.05.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Евразия экономикалык комиссиясынын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо демартаменти менен биргеликте «Жогорку билим берүү программаларын ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнүн тарамдык формаларын өнүктүрүү» темасында панелдик сессия өткөрөт. Бул иш-чара  26-майда Бишкек шаарында Евразия экономикалык форумунун аянтчасында болот.

Сессиянын алкагында:

– Евразия тарамдык университетин түптөө жана ЕАЭБдин алкагында жогорку окуу жайлар аралык консорциумдарды түзүү;

– ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүүнү (окутууну) өнүктүрүү;

– Онлайн билим берүү программаларын чогуу иштеп чыгуу жана мамлекеттер аралык аралыктан кесиптик окутуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү;

– Эмгек ресурстарын кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселелерин;

– ЕАЭБдин укугунун негизинде бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнүн келечегин талкуулоо болжолдонууда.

Аталган иш-чарага мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарынын, алдыңкы ЖОЖдордун, Евразия экономикалык биримдигинин илимий жана эксперттик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер