КЫРГЫЗСТАН ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДЫ КӨЗӨМӨЛДӨӨЧҮ САНАРИП СИСТЕМАГА ЭЭ БОЛДУ

  • 14.10.2021
  • 0

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана аларга каршы чара көрүү борборлору (CDC) Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана Социалдык өнүктүрүү министрлигине жугуштуу ооруларды электрондук түрдө кабарлоонун жаңы системасын тапшырды.

Бул система жугуштуу оорулардын электрондук тизмесин берүү аркылуу ооруларды көзөмөлдөөнү жакшыртат.
CDC жана Колумбия университетинин саламаттыкты сактоо тармагында иштеген уюму ICAP, 2021-жылдын январында Кыргызстандын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өтүнүчү боюнча каттоо тутумун иштеп чыгууну баштаган.
«Бул сыяктуу электрондук көзөмөл системалары коомдук саламаттыкты сактоо адистерине убакытты үнөмдөөгө жана натыйжада өмүрлөрдү сактап калууга жардам берет. Биз кыргызстандык жугуштуу оорулар боюнча адистерге COVID-19 жана башка оорулар менен күрөшүүдө бул программалык камсыздоону бергенибизге сыймыктанабыз. Бул долбоор коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы өнөктөштүгүбүздүн көптөгөн мисалдарынын бири гана. Бүгүн биз Борбор Азиядагы коомдук саламаттыкты жакшыртуу боюнча ондогон жылдар боюу кабыл алынган милдеттенмеге таянып жатабыз», — деди CDCтин Борбор Азия боюнча директору Дэниэл Сингер.
Жаңы система аркылуу алынган так маалымат кыргызстандык медицина кызматкерлерине жугуштуу оорулардын өлкөдө кантип жайылып баратканы жөнүндө тезирээк жана жакшыраак түшүнүк алууга, ошого жараша өмүрлөрдү сактап калуучу ресурстарды бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
CDC — Америка Кошмо Штаттарынын алдынкы коомдук саламаттыкты сактоо агенттиги, коомдук саламаттыкты сактоо маселелери боюнча Борбор Азиянын өкмөттөрү менен көп жылдык кызматташтыкта. CDC биринчи кеңсесин 1995-жылы Алматыда ачкан жана бүгүнкү күндө анын кеңселери Казакстанда, Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда бар. CDC ар бир өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер