КЫРГЫЗСТАН ЖАНА РОССИЯНЫН КАЙЧЫЛАШ ЖЫЛЫН ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА УЮШТУРУУ КОМИТЕТИНИН ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ

  • 20.02.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында  Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын кайчылаш жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болду.

Кубатбек Боронов кайчылаш жылдын алкагында пландалган иш-чараларды жогору деңгээлде уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы кайчылаш жылынын салтанаттуу ачылыш аземи 27-февралда Москвада өтөрүн эске сала кетейин. Ушул жана башка маанилүү иш-чаралар сапаттуу иштелип чыгып, жогорку деңгээлде өткөрүлүшү керек. Өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары кайчылаш жылдын программасына киргизилген иш-чараларды ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн уюштуруу жана башка маселелерди чечүүсү маанилүү», — деди биринчи вице-премьер-министр.

Жыйында Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын эркин программасы (иш-чаралардын планы), ошондой эле бир катар уюштуруу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, 2020-жылды Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылы деп жарыялоо жөнүндө чечим 2019-жылдын 28-мартында Орусиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн Мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган.

Кайчылаш жылдын алкагында саясий өз ара кызматташтык, экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-агартуучулук, аскерий-техникалык кызматташуу чөйрөлөрү, жаштар саясаты, туризм, саламаттык сактоо, аймактар аралык кызматташтык тармактары боюнча 200дөн ашык иш-чараны өткөрүү пландалды.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер