КЫРГЫЗСТАН МЕКТЕП ТАМАГЫН УЮШТУРУУДА ЛИДЕР

  • 13.11.2024
  • 0

Бүгүн Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган “Мектеп тамак-ашы: келечекке кам көрүү” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. “Кут Билим” медиа-борбору бул сынакта жеңүүчү аталып, 150 миң сомдук сертификат менен дипломдун ээси болду.

КЫРГЫЗСТАН МЕКТЕП ТАМАГЫН УЮШТУРУУДА ЛИДЕР
Сынак мектептеги туура тамактануу темасын кеңири жайылтууда жана бүткүл республика боюнча окуучулардын тамактануу шарттарын жакшыртууга багытталган.

Министр Догдуркүл Кендирбаева жеңүүчүлөрдү куттуктап жатып келечектеги балдардын ден соолугу учурдагы туура тамактанууга байланыштуу, коомчулуктун, ата-эненин бул багытта маалыматын, таза азык-түлүк боюнча түшүнүгүн, билимин кеңейтүүдө журналисттердин салымы чоң экенин баса белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду: “Бизде 2013-жылдан бери БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана РФ Тармактык тамактануу институтунун колдоосу менен мектептерде ысык тамак берилип келет. Учурда өлкө боюнча мектептер ысык тамак менен 94% камсыз болду. Пайдалуу тамактардын аш тизме китеби жарык көрүп, ашпозчулардын жумушун жеңилдетти. Кыргыз техникалык университеттин алдында жана кесиптик окуу жайларда ашпозчулар кесиптик чеберчилигин жогорулатып жатышат. Ошондой эле 12 жылдык билимге өтүп жатып, каалаган жогорку класстардын окуучулары мектептен эле ашпозчулук көндүмдөргө үйрөнө берсе болот”.

Министр ошондой эле мектеп аянтчалары да колдонулуп жатканын, окуучулар ал жактан STEM көндүмдөрүн пайдаланып, ар түрдүү жашылча-жемиштерди өстүрүп жатканын кошумчалады.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы башчысы Кожиро Накай жеңүүчү журналисттерди куттуктап, алдыда дагы көптөгөн жумуштар аткарыларын убада кылды.
Ал эми РФ Тармактык тамактануу институтунун президенти Владимир Чернигов Кыргызстан 2013-жылдан бери мектеп тамагы боюнча алдыңкы орунда экенин баса белгилеп, өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө адам капиталы биринчи орунда турганын, баарыбызды бириктирген нерсени коргоп, колдоп алалы деген чакырык таштады.

Эскерте кетсек, сынак Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан россиялык Тармактык тамактануу институтунун (SIFI) колдоосу менен уюштурулду. Ал төрт номинацияда өткөрүлдү. Журналистика жана тамактануу жаатындагы эксперттерден турган калыстар тобу катышуучулардын ишин кылдаттык менен баалап, ар бир категориядагы мыктыларды аныктады.

Бөлүшүү

Комментарийлер