КЫРГЫЗСТАН-КОРЕЯ ӨНӨКТӨШТҮГҮ ЧЫҢДАЛУУДА
- 26.12.2024
- 0
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетининде 19-декабрда төртүнчү ирээт «Кыргыз-Корей IT 2024» конференциясы жана «FabLab Бишкек MAKE-A-THON 2024» сынагы болуп өттү. Аталган иш-чара Сеул эл аралык достук уюму (SIFO), FabLab лабараториясы, И.Раззаков атындагы КМТУ жана Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан уюштурулду. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын, Билим берүү жана илим министрлигинин, мамлекеттик ишканалардын, бейөкмөт уюмдардын жана IT компаниялардын өкүлдөрү катышты. Конференциянын максаты — Кыргызстандын санариптик өндүрүшүндөгү жетишкендиктерди көрсөтүү жана анын келечектеги өнүгүүсү боюнча сунуштарды талкуулоо, ошондой эле «Климаттын өзгөрүшүнө тийгизген таасирин азайтуу» темасында долбоорлорду ишке ашыруу жана Кыргызстандын келечегине багытталган инновациялык пландарды түзүү болуп саналат.
Сеул эл аралык SIFO достук уюму 2019-жылдан бери КМТУ менен «FabLab Бишкекти» өнүктүрүү боюнча иштеп жатат. Долбоор «2019-2024 Бишкекти өнүктүрүү» программасына негизделген. «FabLab» долбоору өндүрүштүк кадрларды даярдоо жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жардам берет.
Назгүл Рахатбек кызы
Комментарийлер