КЫРГЫЗСТАН — ГЕРМАНИЯ: АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ЫКМАЛАР, ТЕХНОЛОГИЯЛАР МЕНЕН ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

  • 19.12.2023
  • 0

Ушул аптада билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева иш сапары менен Германия мамлекетине барды. Министрдин катышуусунда Германия менен билим берүү жаатындагы кызматташууну бекемдөө максатында академиялык алмашууну өнүктүрүү маселеси талкууланды, ошондой эле илим, изилдөө жана инновациялар тармагында кызматташуу тууралуу биргелешкен билдирүүгө кол коюлду, билим берүү жана илимди интернационалдаштыруу боюнча талкууга катышты, Билим берүү жана илим министрлиги менен “FAV SERVICE GGMBH” компаниясынын ортосунда меморандумга кол коюлду, мындан сырткары Гёте институтунун башчысы менен кызматташтыктын багыттарын талкуулады. Министр менен Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрбек Текебаев чогуу жүрдү.

КЫРГЫЗСТАН - ГЕРМАНИЯ:  АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ЫКМАЛАР, ТЕХНОЛОГИЯЛАР МЕНЕН ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

Илимий изилдөөлөр жана инновациялар

Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Германиянын Федералдык Билим берүү жана илимий изилдөөлөр министрлигинин Мамлекеттик катчысы Юдит Пиршер менен  жолукканда, ал илимий изилдөөлөр жана инновациялар жаатындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн, санариптик билим берүү жана маалыматтык технологиялар тармагындагы кызматташтыкты колдоонун жана өнүктүрүүнүн, эки өлкөнүн билим берүү мекемелери менен илимий уюмдарынын академиялык байланыштарын чыңдоонун, Кыргызстанда немис тилин окутууну колдоонун, ошондой эле эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосунда тажрыйба жана алдыңкы педагогикалык ыкмалар жана технологиялар менен алмашуу зарылдыгын белгиледи.

Ал эми Мамлекеттик катчы Юдит Пиршер герман тарабынын эки өлкөнүн илимий мекемелери менен окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар 2024-жылы Кыргызстанда Кыргыз-немис илим күндөрүн өткөрүүнү макулдашышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык билим берүү жана илимий изилдөөлөр министрлигинин ортосунда илим, изилдөө жана инновациялар тармагында кызматташуу ниети тууралуу Биргелешкен билдирүүгө кол коюлду.

И.В.Гёте атындагы Институттагы жолугушуу

Догдуркүл Кендирбаева Германиянын И.В.Гёте атындагы Институтунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Хайке Улих менен жолугушту. Министр Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде немис тилин үйрөнүүнү колдоо, анын ичинде тиешелүү окуу китептерин басып чыгаруу, немис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, тил практикасын жана маданий алмашууну бекемдөө үчүн Кыргыз Республикасы менен Германиянын ортосундагы жаштардын алмашуу программаларын колдоо зарылдыгын белгиледи.

КЫРГЫЗСТАН - ГЕРМАНИЯ:  АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ЫКМАЛАР, ТЕХНОЛОГИЯЛАР МЕНЕН ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

КЫРГЫЗСТАН - ГЕРМАНИЯ:  АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ЫКМАЛАР, ТЕХНОЛОГИЯЛАР МЕНЕН ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

Хайке Улих Гёте атындагы Институт Ош шаарында немец тили боюнча экзамендерди тапшыруу жана эл аралык сертификат берүү үчүн Немис тилин окутуу борборун түзүүгө даяр экендигин билдирди.

«FAV Service gGmbH»

Ушул эле күнү Догдуркүл Кендирбаева менен Германиянын Тюрингия Федералдык аймагында жайгашкан «FAV Service gGmbH» коммерциялык эмес компаниясынын жетекчиси профессор Хайко Шюлер менен жолукту.

Хайко Шюлер билдиргендей, компания Германияда үч жылдык дуалдык кесиптик билим берүү тармагында билим берүү ишмердүүлүгү менен гана алектенет. Долбоор Евробиримдиктин биргелешкен колдоосу менен ишке ашырылууда.

Жолугушууда тараптар Германияда кыргызстандык жарандарды квалификациялуу адистикке даярдоо боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоо үчүн кесиптик-техникалык билим берүү тармагында кызматташууну бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен «FAV Service gGmbH” компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Билим берүү жана илимди интернационалдаштыруу

15-17-декабрда Бонн шаарында Догдуркүл Кендирбаева Германиянын Академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) колдоосу менен уюштурулган «Климаттын өзгөрүүсү шартында билим берүүнү жана илимди интернационалдаштыруу адамзаттын актуалдуу маселелерин чечүү механизми катары» темасында өткөн тегерек столдо билим берүү жана илим тармагында Кыргызстандын жаштарына көрсөтүлүп жаткан стипендиялык колдоосу үчүн DAAD жетекчилигине ыраазычылык билдирип, өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүндөгү алардын маанилүү ролун баса белгиледи.

Ал эми Германиядагы Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрбек Текебаев билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-герман кызматташтыгынын учурдагы абалы, эки өлкө ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.

Тегерек столдун катышуучулары сапаттуу эл аралык билим берүү аркылуу жашыл технологияларды өнүктүрүү маселесин талкуулап, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы байланышты чыңдоодо жана актуалдуу маселелерди чечүүдө DAAD стипендиаттарынын ролун белгилешти.

Бөлүшүү

Комментарийлер