КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ – ИЛИМ, БИЛИМДИН КУТТУУ ОРДОСУ

  • 26.05.2023
  • 0

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ – ИЛИМ, БИЛИМДИН КУТТУУ ОРДОСУ

Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети – Ош жергесиндеги эл аралык статуска ээ болгон өзгөчө окуу жай. Университет педагогикалык, юридикалык, экономикалык жана инженердик адистиктер боюнча 37 багытта бакалавр, тогуз адистикте магистрлик багытта билим берүү ишмердигин жүргүзөт. Кесиптик жана Ала-Бука кесиптик колледждеринде педагогикалык, юридикалык, экономикалык жана инженердик адистиктер боюнча 16 багытта, Медициналык колледжде акушердик, фармация, мед айым, дарылоо иши жана ортопедиялык стоматология багыттары боюнча орто билимдүү адистерди даярдайт. Кесиптик лицейде өндүрүшкө зарыл болгон тикмечи, электр жабдууларын оңдоп-түзөтүүчү слесарь-электрик, тигүүчү, чач тарач адистерин кыска мөөнөттө даярдап чыгарат. Университетте кесиптик билим берүү менен катар эле, кыска мөөнөттөгү компьютердик, айдоочулук, тилдик багыттагы курстар иш алып барат. Ал курстардын бүтүрүүчүлөрүнө атайын сертификаттар берилет.

Окуу процесси интерактивдүү доскалар жана проекторлор менен камсыздалган кааналарда жүргүзүлөт. Адистик өзгөчөлүгүнө жараша акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен камсыздалган лабораториялар, интернет желесине уланган компьютердик класстар, инновациялык технологиялар менен жабдылган мультимедиалык кааналар окуу ишмердигинде пайдаланылат. 300 миң нусканын тегерегиндеги китеп фондунан турган китепканалар студенттердин кызматында. Окуу процессин уюштуруп, башкаруу үчүн AVN маалыматтык системасы жайылтылган. Анын алкагында, окуу процесси жана Kelbil билим берүү платформасы толук автоматташтырылган. Жаштардын тил билүү жөндөм-шыгын өнүктүрүү багытында университеттин базасында TOEFL борбору ачылган. Түрк тилин үйрөтүүчү TOMER окуу борбору менен келишим түзүлгөн. Ош жергесинде жашаган элдердин байыртан бери келе жаткан достугун чагылдырган тарых музейи, Тил жана Айтматов таануу, Манас таануу борборлору бар.

Университет билим берүү ишмердигин жүргүзө баштаган алгачкы учурдан баштап илим изилдөө иштерин колго алган. Илимий ишмердиктин натыйжасы катары университетибизде таанымал окумуштуулар тарбияланып чыгып, туруктуу илимий мектептер түптөлдү. Жыл сайын мамлекеттик бюджеттен каржыланган илимий долбоорлордун аткарылышы аркылуу таанылган тогуз илимий борбордон турган Инновациялык изилдөө институту негизделди. Ал илимий борборлордо 43 багыт боюнча кабыл алынган аспиранттар изилдөө иштерин алып барууда. Студенттердин илимий изилдөө ишмердигин өнүктүрүү багытында түрдүү кружоктор иш алып барат. Атайын семинарлар, аймактык, республикалык жана эл аралык илимий конференциялар уюштурулуп турат. Натыйжада, студенттер аймактык, республикалык предметтик олимпиадаларда мыкты көрсөткүчтөргө ишенимдүү жетишет.

Университет алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн 70тен ашуун ЖОЖдору жана илимий мекемелери, Кыргызстандын кырктан ашуун университеттери менен эки тараптуу келишимдерди түзүп, алар менен тыгыз байланышта иш жүргүзөт. Д.Устинов атындагы “ВОЕНМЕХ” Балтия мамлекеттик техникалык университети менен 2+2, 1+1 программалары жүзөгө ашырылат. Университет “ТҮРКСОЙ” – Түрк маданиятынын эл аралык уюмуна, Түрк кеңешинин түрк университеттер ассоциациясына, Россия-Кыргызстан техникалык университеттеринин консорциумуна, Азия университеттеринин ассоциациясына, Азия-Африка университеттеринин биримдигине мүчө. Алар менен түзүлгөн келишимдин негизинде: Орхун, Mevlana, Erasmus+, EDUVISO, DAAD, UNESCО программалары жүзөгө ашырылат. Анын алкагында, Греция, Түркия, Венгрия, Россия, Казакстан жана Өзбекстандын ЖОЖдоруна академиялык мобилдүүлүк уюштурулуп турат. Ал өлкөлөрдүн ЖОЖдорунда эмгектенген көрүнүктүү окумуштуулары тарабынан конок лекциялар, инновациялык семинарлар тынымсыз өткөрүлөт.

2019-жылы университеттин өздүк каражатынын эсебинен беш жүз элүү орундуу жыйындар залынан, жүз жыйырма орундуу синхрондук котормо аппараты менен жабдылган конференция залынан, 200 миңден ашуун электрондук адабияттарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берип, Ирбис 64+ маалыматтар базасына жол ачкан Online китепканасынан,    250 орундуу ашканадан турган маданий-эстетикалык комплекс пайдаланууга берилди. Бул комплексте университеттин студенттери жана профессордук-окутуучулары  маданий-массалык иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. “Комуз”, “Ыр”, “Улуттук бий” ийримдери, “Ак бийке”, “Даткайым” бийчилер тобу актылык залды пайдаланышат. “Достук планетасы” газетасы ай сайын чыгарылып, “Достук” телестудиясы студенттердин чыгармачылык ийгиликтерин чагылдырат. Студенттердин бош убактысын натыйжалуу пайдалануу багытында Жаштар комитети “Акыл ордо” сынагын, “Шайыр тапкычтар клубун” уюштурган.

Спорттук иш-чаралар үчүн  “Достук” спорт клубу иш алып барат. Спорттук секциялар үчүн спорт манежи, спорт залы, кичи футбол аянтчасы түзүлгөн.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети – рынок шартындагы    атаандаштыкка  туруштук берип, өз ордун таба турган  кесипкөй адистерди даярдап чыгарган уникалдуу университет. Келечегиңдин пайдубалын ишенимдүү түптөгүң келсе, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетиндеги мүмкүнчүлүктү пайдалып калууга шашыл!

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети 2023-2024-окуу жылына төмөнкү адистиктер боюнча кабыл алат. Жогорку кесиптик билим берүү боюнча күндүзгү, кечки  жана сырткы бөлүмдөргө кабыл алуу ЖРТнын  негизинде  жүргүзүлөт.

Окуу мөөнөттөрү:

  1. Жогорку кесиптик билим берүү:

— магистр академиялык даражасын ыйгаруу менен (күндүзгү — 2 жыл);

— бакалавр академиялык даражасын ыйгаруу менен (күндүзгү — 4 жыл, сырткы — 5 жыл);

— адис квалификациясын  ыйгаруу менен (күндүзгү — 5 жыл, сырткы — 6 жыл);

  1. Жогорку жана орто кесиптик билимдин негизинде: /тиешелүү курстар/ (күндүзгү — 2-3 жыл, сырткы — 3-4 жыл);
  2. Орто кесиптик билим берүү: /9-11-класстын базасында/ (күндүзгү — 2-3 жыл, сырткы — 2 жыл 6 ай);
  3. Баштапкы кесиптик билим берүү: /9-11-класстын базасында/ (күндүзгү — 1-3 жыл).

Жогорку кесиптик билим берүүнүн гранттык (бюджеттик) жана келишимдик орундарына төмөнкү багыттар (адистиктер) боюнча  кабыл алуу жүргүзүлөт:

Каржы-экономикалык факультети

— 580100. Экономика: (каржы жана насыя; бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит; ишканалардын экономикасы жана башкаруу; салык жана салыкка тартуу) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/

— 540200. Социалдык иш /бакалавр — күндүзгү, сырткы/

— 580200. Менеджмент /бакалавр — күндүзгү, сырткы/

— 580500. Бизнес-информатика /бакалавр — күндүзгү, сырткы/

 

Инженердик-технологиялык факультети

— 710100. Информатика жана эсептөө техникасы  /бакалавр — күндүзгү, кечки/

— 570700. Костюм жана текстиль искусствосу /бакалавр — күндүзгү/

— 640200. Электроэнергетика жана электротехника /бакалавр — күндүзгү, сырткы/

— 610300. Агроинженерия  /бакалавр — күндүзгү, сырткы/

— 670200. Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо /бакалавр — күндүзгү, сырткы/

— 740700. Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо /бакалавр — күндүзгү, сырткы/

— 550800. Кесиптик билим берүү /бакалавр — күндүзгү/

— 570400. Дизайн /бакалавр — күндүзгү, сырткы/  (ЖРТ талап кылынбайт)

— 570025. Графика /адистик — күндүзгү/ (ЖРТ талап кылынбайт)

Юридикалык-бажы факультети

— 530500. Юриспруденция —  /бакалавр — күндүзгү, сырткы/

— 530004. Бажы иши /адистик — күндүзгү, сырткы/

Тарых-филологиялык факультети

— 550300. Филологиялык билим берүү:   

  • англис тили /бакалавр — күндүзгү/
  • кыргыз тили жана адабияты /бакалавр — күндүзгү, сырткы/
  • орус тили жана адабияты /бакалавр — күндүзгү, сырткы/

— 531100. Лингвистика /бакалавр — күндүзгү/

— 550400. Социалдык-экономикалык билим берүү (тарых) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/

— Англис тили кошумча немис тили багыты /бакалавр — күндүзгү/

Табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультети

— 550200. Физика-математикалык билим берүү: (физика; математика; информатика) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/

— 550100. Табигый илимий билим берүү: (биология; химия;  география) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/

— 510200. Колдонмо математика жана информатика /бакалавр — күндүзгү, сырткы/

— 710300. Колдонмо информатика /бакалавр — күндүзгү, сырткы/

— Математика кошумча информатика багыты /бакалавр — күндүзгү/

— Химия кошумча биология багыты /бакалавр — күндүзгү/

— Физика кошумча информатика багыты /бакалавр-күндүзгү/

Гуманитардык-педагогикалык факультети

— 550700. Педагогика (башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы; мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/

— 532000. Дене тарбия жана спорт /бакалавр — күндүзгү, сырткы/   (ЖРТ талап кылынбайт)

— 530300. Психология /бакалавр — күндүзгү, кечки/

Магистратура бөлүмү

— 550300. Филологиялык билим берүү:

  (англис тили; кыргыз тили жана адабияты; орус тили жана адабияты) — /магистр — күндүзгү/

— 550400. Социалдык-экономикалык билим берүү (тарых) — /магистр — күндүзгү/

— 550700. Педагогика: (башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы; мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы) — /магистр-күндүзгү/

— 550200. Физика-математикалык билим берүү:

   (физика; математика; информатика) — /магистр — күндүзгү/

— 710300. Колдонмо информатика — /магистр — күндүзгү/

— 550100. Табигый илимий билим берүү:

(химия; биология; география) — /магистр — күндүзгү/

— 580100. Экономика: (каржы жана насыя; бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит; ишканалардын экономикасы жана башкаруу; салык жана салыкка тартуу) — /магистр — күндүзгү/

— 530500. Юриспруденция —  /магистр — күндүзгү/

— 710100. Информатика жана эсептөө техникасы  — /магистр — күндүзгү/

Орто кесиптик билим берүү  боюнча төмөнкү адистиктерге кабыл алат:

Медициналык колледж (11-класстын базасында)

060102. Акушердик иш /окуу мөөнөтү — 3 жыл/

060108. Фармация /окуу мөөнөтү — 3 жыл/

— 060109. Медициналык айым иши /окуу мөөнөтү — 3 жыл/

— 060101. Дарылоо иши /окуу мөөнөтү — 3  жыл 6 ай/

— 060106. Ортопедиялык стоматология /окуу мөөнөтү — 3 жыл/

Кесиптик колледж (9-11-класстын базасында)

— 260903. Тигүү кийимдерин конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы /күндүзгү, сырткы/

— 050709. Башталгыч класстарда окутуу /күндүзгү, сырткы/

— 050713. Башталгыч билим берүүдөгү коррекциялоочу педагогика /күндүзгү/

— 050704. Мектепке чейинки билим берүү /күндүзгү, сырткы/

— 050720. Котормо иши /күндүзгү/

— 050303. Чет тили /күндүзгү/

— 140212. Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/

— 190604. Автоунааларды оңдоо жана аларды техникалык  жактан тейлөө /күндүзгү, сырткы/

— 230109. Эсептөө техникасы менен автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо /күндүзгү, сырткы/

— 080106. Каржы (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/

— 080110. Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/

— 030504. Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу  /күндүзгү, сырткы/

— 030503. Укук таануу /күндүзгү, сырткы/

 

Ала-Бука колледжи (9-11-класстын базасында)

— 050709. Башталгыч класстарда окутуу /күндүзгү, сырткы/

— 050704. Мектепке чейинки билим берүү /күндүзгү, сырткы/

— 080106. Финансы (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/

Кесиптик лицей (9-11-класстын базасында)

— 5146. Тикмечи                    — 5147. Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик

— 7443. Тигүүчү                     — 5141. Чач тарач

Кабыл алуу үчүн талап кылынуучу документтер:

► ректордун наамына жазылган абитуриенттин арызы;

► университет менен абитуриенттин ортосунда түзүлгөн келишим;

► туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорт (көчүрмөсү);

► негизги орто, жалпы орто, кесиптик орто же жогорку билими жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документтин түп нускасы;

► ЖРТнын сертификатынын түп нускасы;

► аскердик билет же аскерге милдеттүүлүгү жөнүндөгү күбөлүк (көчүрмөсү);

► 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети – технологиялык башкаруу доорундагы билим берүү талаптарын так аткарган университет!

Бөлүшүү

Комментарийлер