КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ДОСТУГУ — КӨҢҮЛДҮҮ САЯКАТКА ШАРТ ТҮЗҮҮДӨ

  • 10.07.2018
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун алдыңкы 35 студенти коңшу Өзбекстан республикасынын бир катар тарыхый-маданий жерлерине саякатка барып келишти.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ДОСТУГУ - КӨҢҮЛДҮҮ САЯКАТКА ШАРТ ТҮЗҮҮДӨ

ОГПИде ар жылы окуу жылды жыйынтыктап жатып мыкты студенттерге стимул берүү максатында ар тараптуу жетишкен алдыңкы студенттерди саякатка жөнөтүү, алардын маданий эс алуусун камсыздоо салтка айланган. Мына ушунун алкагында быйылкы окуу жылында да жыл ичинде спорт жаатында окуу жайды дүйнөгө тааныткан спорт чеберлерин, чыгармачылык багытта ар тараптуу, таланттуу жаштарды, окуунун эң мыктыларын, жаш илимпоздорду жана түрдүү багыттагы конкурстардын жеңүүчүлөрү болгон студенттерди аталган өлкөнүн тарыхый ордолору болгон Андижан, Ташкент жана Самарканд шаарларына институтун эсебинен саякатка жөнөтүлдү.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ДОСТУГУ - КӨҢҮЛДҮҮ САЯКАТКА ШАРТ ТҮЗҮҮДӨ

Мында студенттер бул аймактардагы бир топ тарыхый музейлерге, археологиялык жайларга, тарыхый улуу инстандардын күмбөздөрүнө, мечиттерге, өзгөчө архитектуралык жасалга менен курулган имараттарга, маданий борборлорго жана окуу жайларга кыдыруу менен өзбек элинин маданияты, салт санаасы, үрп-адаты, тарыхы, жашоосу менен  жакындан таанышып келишти.

Кубаныч Жылкычы уулу

Бөлүшүү

Комментарийлер