КЫРГЫЗ ВИКИПЕДИЯСЫН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ОКУТУУ

  • 07.02.2024
  • 0

ОшМУда “Кыргыз Википедиясын тутумдуу өнүктүрүү» аталышындагы окутуу семинары окутуучулар менен студенттердин катышуусунда өтүп жатат.

КЫРГЫЗ ВИКИПЕДИЯСЫН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ОКУТУУ

Дүйнөдө 300дөн ашуун тилде макалалар жарыяланган энциклопедия тутуму болуп саналган Википедиянын кыргыз тилиндеги бөлүгү 2002-жылдын 3-июнь күнү  ачылган. Кыргыз Википедиясы күнүнө 20 000 ден ашуун, айына 1,5 млнго чейин окулат.

Билим берүү, кыргыз тилин, кыргыз маданиятын өнүктүрүүгө жакшы курал болуп саналган Википедияда учурда кыргыз тилиндеги макалалардын аздыгы өкүндүрөрүн айткан уюштуруучулар окутуу семинардын алкагында ушул көйгөйдү чечүүгө салым кошуу зарылдыгын белгиледи.

 

Окутуу семинарынын алкагында факультет, колледждерден келип катышып жаткан студенттер тарабынан окуу жайдын тарыхы, эмгектенген  илимпоздордун өмүр баяндары, ишмердүүлүктөрү даярдалып, википедияга киргизилип баштайт.

Окуу семинарын ОшМУ Кыргыз Википедиясы менен биргеликте уюштурду. Эки күнгө пландаштырылган семинар бүгүн 7-февралда жыйынтыкталат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер