«Кыргыз-ТҮрк «Манас» Университетинде азыктар жарманкеси болуп өттү

  • 16.05.2023
  • 0

Бүгүн 16-майда, Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде азыктар жарманкеси болуп өттү.

"Кыргыз-ТҮрк "Манас" Университетинде азыктар жарманкеси болуп өттү

Бул жарманкеде түрк элинин улуттук тамак-аштары, таттуулары колго жасалып сатылды. Азыктар университеттин кызматкерлер үйүндө жашап иштеген мугалимдери жана кызматкерлери тарабынан даярдалган. Жарманкенин негизги максаты Түркиядагы зилзалада жапа тарткан жаш балдарга жардам көрсөтүү болду.

Саамалыкка университеттин ректору, профессор Алпаслан  Жейлан  келип бир канча азыктарды сатып алды. Ал бул иш-чарада Кыргыз-Түрк «Манас» университети «Университеттен да артык!» деген ураандын арты менен былтыркы жылы 68 ден ашык социалдык проекттерди аткарганын, мындан ары да ушул сыяктуу коомго пайдалуу иш-чараларды өткөрө берерин билдирди.

  • Биз студенттерибизге билим берүү менен гана чектелбестен, жакшы иштерди жасоо, коомго пайда келтирүү сыяктуу тарбиябызды да берип келебиз. Студенттер адамдык асыл сапаттарды бийик кармап, ушундай иш-чараларыбызга активдүү катышып келишет. Учурдан пайдаланып эң сонун азыктарды даярдап, бүгүнкү жарманкеге чоң салым кошуп жаткан университеттин окутуучуларына, кызматкерлерге жана студенттерге ыраазычылык билдирем,- деди."Кыргыз-ТҮрк "Манас" Университетинде азыктар жарманкеси болуп өттү

Бул иш-чаранын уюштуруучусу жана демилгечиси  университеттин гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн доценти Незахат Жейлан айым. Ал бул жарманке быйыл экинчи жолу өткөрүлүп жатканын айтып, негизги максат жардамга муктаж жаш балдарга көмөк көрсөтүү экенин баса белгиледи.

  • Биздин университетте бул жарманке экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Былтыркы жылы түшкөн акчаны Бишкектеги балдар онкологиясында дарыланып жаткан балдарга которгонбуз. Быйыл болсо жарманкеден түшкөн акчаны Түркиядагы зилзалада жапа чеккен, жакындарынан ажырап калган балдарга берели деп жатабыз. Буюрса бул иш-чараны салт катары жыл сайын уюштуруп туралы деген пландарыбыз бар. Быйылкы жылы Маариф окуу-тарбия комплекси да биздин саамалыкты колдоп, келип катышып жатышат,-деди.
Бөлүшүү

Комментарийлер