КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
- 02.12.2022
- 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-2023-окуу жылына карата күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окутуучу формаларында окуу процессин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын тизмесин бекитүү жөнүндө
БУЙРУГУ
№2575/1, 2022-жылдын 28-ноябры
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 14-беренесине ылайык жаштардын жалпы орто билим алуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында буйрук кылам:
1. 2022-2023-окуу жылына карата республикалык бюджеттен каржылануучу күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окуу формасындагы жалпы билим берүү уюмдарынын тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын, облустук билим берүү институттарынын, облустук усулдук билим берүү бөлүмдөрүнүн, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана билим берүү уюмдарынын директорлоруна (менчигинин түрүнө карабастан): — күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окуу формасындагы жалпы билим берүү уюмдарын (класстарын) ачуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин макулдашуусу менен ачылсын.
3. Күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окуу формасындагы жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери (менчигинин түрүнө карабастан):
— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окутуучу формаларындагы Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2022-2023-окуу жылынын окуу пландарын бекитүү жөнүндө» 2022-жылдын 8-сентябрындагы № 1737/1 буйругуна ылайык иш алып барышсын.
4. Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгы (Б.Мураталиева) ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мектептердин (класстарды) каржылоосун бюджеттик айлык акы фондунан карасын.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 9-сентябрындагы «Сырттан жана кечки/сырттан окуу формасында иштеп жаткан жалпы билим берүү уюмдарын бекитүү жөнүндө» №1520/1 жана 2021-жылдын 11-октябрындагы «2021-жылдын 9-сентябрындагы №1520/1 «Сырттан жана кечки/сырттан окуу формасында иштеп жаткан жалпы билим берүү уюмдарын бекитүү жөнүндө» буйрукка толуктоо жөнүндө» №1684/1 буйруктары күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйрукту «Кут Билим» коомдук-билим берүү жана илимий-популярдуу гезитинин редакциясы (К.Чекиров) расмий жарыяласын.
7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү Мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу башкармалыгына (С.Умралиева) калтырам.
тиркеме
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 28-ноябрынын №2575/1 буйругуна ылайык
2022-2023-окуу жылына карата күндүзгү—сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окутуучу формаларында окуу процессин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын тизмеси
№ | Облус | Район | Мекеменин аталышы |
1 | Чүй | Жайыл | Кара-Балта шаарындагы сырттан окуу мектеби |
2 | Чүй | Москва | Москва райондук сырттан окуу мектеби |
3 | Чүй | Аламүдүн | Аламүдүн районунун сырттан окуу жалпы билим берүү орто мектеби |
4 | Чүй | Ысык-Ата | Ысык-Ата районунун Канттын кесиптик даярдоо жалпы билим берүү №5 орто мектебинин сырттан окуу класстары |
5 | Чүй | Сокулук | Сокулук райондук сырттан окуу орто мектеби |
6 | Чүй | Токмок шаары | №11 мектеп-лицейинин сырттан окуу класстары |
7 | Чүй | Панфилов | Панфилов райондук сырттан окуу мектеби |
8 | Ош | Кара-Суу | Кара-Суу райондук сырттан окуу мектеби |
9 | Ош | Өзгөн | Өзгөн райондук сырттан окуу мектеби |
10 | Нарын | Ат-Башы | А. Жаналы у. атындагы орто мектебинин сырттан окуу класстары |
Комментарийлер