КЫРГЫЗ-ОРУС ЖАРМАНКЕСИ: ЖАҢЫРТАЛЫ, ЫЛДАМДАЙЛЫ, ӨНҮГӨЛҮ!

  • 20.08.2024
  • 0

Ысык-Көлдө Кыргызстандын педагогдорунун август кеңешмесинин алкагында өтүп жаткан Россия менен Кыргызстандын билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктеринин  жарманкесинин экинчи күнү өз ишин баштады.

Ишчара «Просвещение» басма үйүнүн алдыңкы билим берүү тажрыйбаларын жайылтууга арналган тегерек стол менен уланууда. Анда россиялык коноктор «Просвещение» басма үйүнүн эл аралык кызматташуу, азыркы заманбап калсстарды жасалгалоо, табият таануу предметтерин окутуу, башталгыч класстарда М.И.Моронун ылайыкташтырылган математика окуу китебин колдонуу, орус тилин эл аралык жана улут аралык тил катары окутуу жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшүүдө.

Андан сырткары кечке чейин билим берүү мекемелеринде STEM билим берүү,  инженердик, технологиялык билим берүү, окуучуларды эл аралык олимпиадага даярдоо, окуучуларга кесиптик багыт берүү, педагогдорду даярдоо сыяктуу бир катар темаларда баяндамалар жасалып, мастер-класстар болот.

Бул жарманке эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын тажрыйба алмашуусу үчүн эң сонун аянтча болуп берүүдө. Ал эки мамлекет бири-бири менен таанышууга, достошууга, тажрыйба алмашууга гана эмес, биргелешкен окуу-методикалык иш-чаралардын, кошумча, мектепке чейинки жана мектептик билим берүү үчүн кадрларды даярдоо деңгээлинде, билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кол коюла турган келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө.

“Ысык-Көлгө өнөр жай мектептери менен «Сириус» университетинин өкүлдөрү келишти. Алар билими менен бөлүшүүгө даяр. Биздин билим берүү стандарттарыбыз, окуу процессине жана окуу китептерине жасаган мамилебиз бири-бирин толуктап турушу маанилүү. Бул азыр артыкчылыктуу багыт. Буга бир мисал, Газпром мектеби. Ал Россиянын билим берүү стандарты менен иштейт. Бул билимди алган эки өлкөнүн балдары кайсы жерде болбосун өзүн эркин сезгенге шарт түзүлөт”, — деген Россия Федерациясынын агартуу министринин орун басары Александр Бугаев иш-чаранын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө.

Ушундай эле пикирди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева дагы айтып, азыр эки мамлекет болуп көрбөгөндөй деңгээлде билим берүү аркылуу достошуусу зарыл экендигине басым жасады.

— Биздин бүгүнкү билим саммит “Жаңырталы! Ылдамдайлы! Өнүгөлү!” девизи алдында өтүүдө. Биз мазмунду жаңыртып, мамилени өнүктүрүп, ылдамдашыбыз керек. Дүйнөдө билим берүү системасы күн сайын жаңырып, жаңы тенденцияларга жол ачылып, эмгек рыногуна суроо-талап өзгөрүүдө. Бүгүнкү күндө Россиянын билим берүү системасында так илимдер дисциплиналары артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Биздеги 40 миңден ашуун мектепке практикага багытталган мамилени киргизип жатабыз. Андыктан Россиянын эң алдыңкы инновациялык мектептеринин жана жогорку окуу жайларынын тажрыйбасын алып, өзүбүзгө ыңгайлаштырып колдонолу, — деди министр.

Бөлүшүү

Комментарийлер