КМТУ ДҮЙНӨЛҮК QS WORLD UNIVERSITY RANKINGS 2025 ТИЗМЕСИНЕ КИРДИ

  • 06.06.2024
  • 0
КМТУ ДҮЙНӨЛҮК QS WORLD UNIVERSITY RANKINGS 2025 ТИЗМЕСИНЕ КИРДИ КМТУ ДҮЙНӨЛҮК QS WORLD UNIVERSITY RANKINGS 2025 ТИЗМЕСИНЕ КИРДИ
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети биринчи жолу абройлуу QS World University Rankings 2025 тизмесине кирди. Бул жылкы университеттердин рейтинги Quacquarelli Symonds компаниясы тарабынан түзүлдү, ал 2004-жылдан бери дүйнөдөгү эң белгилүү рейтингдердин бири болуп эсептелет.
QS World University Rankings университеттерди бир нече негизги критерийлер боюнча баалайт, анын ичинде окутуунун сапаты, чет элдик студенттер менен окутуучулардын саны, илимий изилдөө ишмердүүлүгү, иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү жана бүтүрүүчүлөр менен иш берүүчүлөрдүн пикирлери бар. Университеттердин академиялык чөйрөдөгү аброюна, дүйнөлүк илимге кошкон салымына, илимий ачылыштардын цитаталарынын санына жана окутуунун сапатына өзгөчө көңүл бурулат.
Быйыл рейтинг тарыхы эң чоң болуп, 105 жогорку билим берүү системасынан 1500дөн ашуун университеттерди камтыды. КМТУнун бул тизмеге кириши чоң жетишкендик болуп, университеттин жогорку билим берүү стандарттарынын деңгээлин тастыктап турат.
Бул жетишкендик университеттин билим берүүнүн сапатын камсыздоо, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана эл аралык эмгек рыногунда талап кылынган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча үзгүлтүксүз аракеттерин чагылдырат. QS World University Rankings тизмесине кирүү И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин дүйнөлүк академиялык аренасындагы позициясын бекемдеп, студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Бөлүшүү

Комментарийлер