КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ АКАДЕМИЯСЫНА БЕЙШЕН ТУРУСБЕКОВДУН ЫСЫМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

  • 18.11.2022
  • 0

2022-жылдын 15-ноябрында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына медицина илимдеринин доктору, профессор Бейшен Турусбековдун ысымы ыйгарылып, тактасы салтанаттуу түрдө ачылды.

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ АКАДЕМИЯСЫНА БЕЙШЕН ТУРУСБЕКОВДУН ЫСЫМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Салтанатка Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана  коноктор катышты.

Коноктор Бейшен Турусбековдун спорт медицинасын өнүктүрүүгө кошкон салымдарын, академия үчүн жасалган эмгектерин эскеришти.

Иш-чаранын катышуучулары Бейшен Турусбековдун музейи, спорт тармагын өнүктүрүү багытында жасалып жаткан иштер жана окуу жайдын спорттук базаларынын абалы менен таанышышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер