Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү тарыхый инсандардын ролу

  • 17.09.2024
  • 0

КЭУда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы жана профессор Т. Камчыбековдун 75 жылдык мааракесине арналган«Кыргызстан: өткөнү, учуру, келечеги» аталышындагы эл аралык студенттик конференция болуп өттү.

 

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү тарыхый инсандардын ролу

Конференциянын ардактуу коноктору Кыргызстан элинин тарыхый-маданий мурасы “Мурас” фондунун төрагасы, тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Сатар уулу Молдокасымов, жана Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык академиянын академиги, тарых илимдеринин доктору, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору Тынчтыкбек Чоротегин болду.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү тарыхый инсандардын ролу

Конференцияда Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы социалдык-экономикалык мамилелер, туруктуу өнүгүү боюнча инновациялык идеялар, КМШ өлкөлөрүндөгү жана Кыргызстандагы экологиялык жана туристтик көйгөйлөр, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү тарыхый инсандардын ролу талкууланды.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү тарыхый инсандардын ролу

Конференцияга төмөнкү орто окуу жайлардын студенттери жана окутуучулары катышты: Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин колледжи, Воронеж областынын мамлекеттик бюджеттик кесиптик билим берүү мекемеси «Семилукский политехникалык колледжи» (Россия), Талас мамлекеттик университетинин колледжи, М.Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи, Россия Федерациясынын биринчи президенти Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус (Славян) университетинин колледжи, С.Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжи (Ысык-Ата району, Киргшелк), Кыргыз-Казак университетинин колледжи, Бишкек архитектура жана курулуш башкаруу колледжи, К.И.Скрябин атындагы КУАУнун техникалык-экономикалык колледжи, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кесиптик колледжи, А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык колледжи, К.Карасаев атындагы БМУнун колледжи, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун колледжи, И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжи, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин Политехникалык колледжи, Инновациялык технологиялар жана экономика колледжи, Салымбеков Медициналык мектеби.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер