КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА КОЛЛЕДЖИНДЕГИ МУГАЛИМДЕР МАЙРАМЫ

  • 06.10.2020
  • 0

5-октябрда Бишкек курулуш архитектура жана менеджмент колледжинде филология адистиги боюнча билим берген окутуучулар тарабынан мугалимдер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.

КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА КОЛЛЕДЖИНДЕГИ МУГАЛИМДЕР МАЙРАМЫ

Окуу жайдын директорунун орун басары Чалова Элмира кечени ачып, төмөнкүлөргө токтолду:

“Урматтуу кесиптештер! Мугалим… Мугалим-кандай гана ардактуу сөз. Мугалим-кылымдардан келе жаткан, эскирбеген кесип. Анын педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билгендиги, изденгичтиги,жумшак мүнөзү, келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө арноо менен кадырга ээ болгон инсан. Ушундай кадырлуу кесипти аркалап келе жатканыңыздарга таазим этүү менен сиздерге алкыш айтабыз, ардактуу агартуучулар”,-деди Э.Чалова.

Кечеде филология кафедрасынын жетекчиси Саринжиева Накин Жолдошевна жетектеген катышуучулар тарабынан ыр, бийлер, күүлөр, оюндар аткарылды.

Кыргыз, орус, англис тилдеринде аткарылган музыкалык кече коноктордун көңүлүн өзгөчө бурду.

КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА КОЛЛЕДЖИНДЕГИ МУГАЛИМДЕР МАЙРАМЫ

Ошондой эле мыкты мугалимдерге атайын сыйлыктар жана “Ардак грамоталар” тапшырылды. Профсоюз уюмунун башчысы Исиралиева Шарипа тарабынан ар бир мугалимге жана колледждин кызматкерлерине акчалай сыйлык жана  “Карылар күнүнө” карата кошумча сыйлыктар тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер