КУМАР ОЮНДАРЫНЫН АЛДЫН АЛУУГА АРНАЛДЫ

  • 10.02.2023
  • 0

КУМАР ОЮНДАРЫНЫН АЛДЫН АЛУУГА АРНАЛДЫ

10-февралда   М. Рыскулбеков  атындагы   Илимий изилдөө университети,  Кыргыз экономикалык университетинин  Экономика жана сервис колледжинде «Компьютердик, автоматтык  жана кумар оюндардын зыяндуулугу, Лудомания коркунучтуу оору» деген темада лекция окулду.

Аны Ички иштер министирлининин академиясынын  кылмыш жаза кафедрасынын доценти Ажыгулов Мирбек окуду.

— Азыркы учурда өсүп келе жаткан муундун кумар, автоматтык оюндарга кызыгуусу көбөйүп жаткандыгы баардыгыбызга белгилүү. Ошол көйгөйдүн зыяндуулугун жана андан кутулуунун жолун лектор статистикалык маалыматтарга, фактыларга таянып, абдан кызыктуу түшүндүрүп берди. Иш-чаранын алкагында, купуя тестирлөө  өткөрүлүп, студенттердин кызыгуусун арттырды, — дейт ЭжСКнын билим берүүнүн сапаты боюнча башкы адиси  Ормонкулова Аида.

Ч.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер