КУАУДА “МАНАС ТААНУУ” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ ӨТТҮ

  • 02.12.2025
  • 0

КР Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги №126 «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгын жана Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №65 «Манас» эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча жана “Манас – улут биримдиги жана ынтымагы” маалымат өнөктүгүнүн концепциялары жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында, 2025-жылдын 1-декабрында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде “Манас таануу” аттуу факультеттер аралык интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.

Иш-чара университеттин окуу залында өтүп, ага ар бир факультеттен үч студенттен турган бирден команда катышты. Оюндун калыстар тобуна Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор, педагогика илимдеринин доктору, профессор С.Т. Батаканова, Кыргыз, орус жана чет тилдер кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доценттин м.а. Г.Т. Өсүбекова, ошондой эле Тарых жана философия кафедрасынын доценттин м.а., тарых илимдеринин кандидаты К.Н. Карабаева кирди.

КУАУДА “МАНАС ТААНУУ” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ ӨТТҮ

Таймаш беш бөлүктү камтып, катышуучулар “Манас айтуу”, “Суроо-жооп”, “Сыр куржун”, “Топ башчылар таймашы” жана “Манасчылар жөнүндө викторина” боюнча өз ара мелдешти.

Жыйынтыгында:
1-орунду Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү институтунун “Мурас” тайпасы,
2-орунду Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин “Чоң казат” тайпасы,
3-орунду Технология жана биоресурстар факультетинин “Мүрөк” тайпасы ээледи.

Жеңүүчүлөргө дипломдор жана белектер тапшырылып, активдүү катышкан командалар грамоталар менен сыйланды. Иш-чаранын катышуучулары бул оюн “Манас” эпосун терең изилдөөгө жана жаштар арасында даңазалоого өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча болгонун белгилешти.

(БК)

Бөлүшүү

Комментарийлер