КРЕАТИВДҮҮ КЕСИПТЕР АКАДЕМИЯСЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН УЗАТАТ

  • 27.10.2022
  • 0

КРЕАТИВДҮҮ КЕСИПТЕР АКАДЕМИЯСЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН УЗАТАТ

28-октябрда “Фонд Сан Пипл” коомдук фонду Креативдүү кесиптер академиясынын жыйынтыктоочу иш-чарасын өткөрөт.

Бир катар себептер менен жана COVID 19 пандемиясынын экономикалык кесепеттеринен улам жумуш таба албаган, алыскы райондордо тийиштүү шарт жоктугунан жумушка орношууга жетишпеген жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Кыргызстан жаштарына “Креативдүү кесиптер академиясы” кесиптик  даярдыкты камсыздап келет.

КРЕАТИВДҮҮ КЕСИПТЕР АКАДЕМИЯСЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН УЗАТАТ

Долбоордун алкагында Интернет тармагында ийгиликтүү жана көз карандысыз иштеп кетүү үчүн билим берүүнүн жана көндүмдөрдү үйрөтүүнүн онлайн-платформасы түзүлгөн. Долбоордун катышуучулары акысыз онлайн курстарда үч ай бою окушат. Курстар: графикалык дизайн, интернет-маркетинг жана Python түзүмүндө веб-иштеп чыгуу темаларын камтыйт.

КРЕАТИВДҮҮ КЕСИПТЕР АКАДЕМИЯСЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН УЗАТАТОкутуунун соңку жылында 600 ашуун студент билим алды. Эртең өтө турган иш-чарада долбоордун финалында эң мыкты деп аныкталган 19 бүтүрүүчү өзүнүн дипломдук долбоорлорун калыстар тобуна сунуштап, кымбат баалуу байгелер үчүн ат салышат. Калыстар тобуна Кыргызстандын ири компанияларынын өкүлдөрү, АКШ элчилигинин өкүлдөрү, маркетинг, дизайн жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү менеджерлер менен адистер кирет.

Иш-чарада эки: Роман Леонов, Peklo Studio тарабынан «Интернет маркетинг жаатындагы инновациялар» аттуу эки акысыз мастер-класс өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер