КР ЖАШТАРЫ «АДАБИЙ ДИКТАНТ» АКЦИЯСЫНА КОШУЛДУ

  • 31.10.2022
  • 0

Кыргызстанда Россиянын президенти Владимир Путин демилгелеген «География боюнча диктант» аттуу ири акция старт алды. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы “Руский дом” илим жана маданият борборунан билдиришти.

КР ЖАШТАРЫ "АДАБИЙ ДИКТАНТ" АКЦИЯСЫНА КОШУЛДУ

Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун жаштар жана ыктыярчылар долбоорлорунун куратору Баира Буваеванын айтымында, бул жылы диктантты Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кант шаарларынын жана Чүй, Баткен облустарынын айылдарынын жаштары жазат.

«Жети жыл ичинде акцияга дүйнө жүзүнөн эки миллионго чукул адам кошулду. Кыргызстанда иш-чара беш облус жана чоң-чоң шаарларында өтүүдө. Ага катышууну каалаган бардык уюм, мектептер өз аянтчаларын география боюнча диктанттын сайтына каттады», — дейт Баира Буваева.

Акция башталар алдында Бишкекте орус драма театрында катышуучулар менен Россиянын космонавттары учурашып, баарына салам жолдоп, ийгилик каалашты.

География боюнча билимди жайылтып, калктын Россиянын географиясына кызыгуусун арттыруу максатын камтыган эл аралык акция ушуну менен сегизинчи ирет өтүп жатат. Ар жылы ал миллиондогон адамдын башын бириктирет. Ири масштабдуу акция Россия президенти Владимир Путиндин демилгеси менен Орус географиялык коомчулугу тарабынан ишке ашырылып келет.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер