КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ: МЕКТЕПТЕР МЕНЕН ОКУУ ЖАЙЛАР БААРЫ ҮЧ АПТАГА КАРАНТИНГЕ ЖАБЫЛДЫ

  • 14.03.2020
  • 0

Коопсуздук кеңеши үстүбүздөгү жылдын 16-мартынан баштап, өлкөнүн бардык мектептерин жана жогорку окуу жайларын үч жумага карантинге жабуу чечимин кабыл алды.

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ: МЕКТЕПТЕР МЕНЕН ОКУУ ЖАЙЛАР БААРЫ ҮЧ АПТАГА КАРАНТИНГЕ ЖАБЫЛДЫ

Коопсуздук Кеңешинин 14-мартта болгон жыйынында мамлекет башчысы экономикалык кыйынчылыктардын келип чыгаарына карабай, ар бир мамлекет өзүнүн элинин саламаттыгын биринчи орунга коюп, чек араларды, каттамдарды жаап жатканын белгиледи.

«Биз да, Кыргызстан, ошол багытта иштеп жатабыз. Ачыгын айтышыбыз керек, экономикага терс таасири тиет. Республикалык бюджеттен чыгашаларды экономдоо режимине өтүп, чакырыктарга, кыйынчылыктарга даяр болушубуз керек», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков калкыбыздын саламаттыгы биринчи кезектеги маселе экенин дагы бир жолу айтты. Кырдаал анын жеке көзөмөлүндө болуп, саат сайын ар кыл мамлекеттик органдардан маалымат алып жатканын баса белгиледи.

«Албетте, эл болгон соң ар кандай кептер айтылууда. Санарип заманында такталбаган маалыматтар социалдык тармактарга да тарап кетүүдө. „Коронавирус Кыргызстанда жок“ дегенден күмөн санап, шектенген да пикирлер айтылууда. Жакынкы коңшу мамлекет Казакстанда бул илдет катталды дегенден кийин, бизде да кооптонуу күчөйт. Бул табигый көрүнүш. Мындан ары да ишти күчөтүп, эң негизгиси коомчулукка маалыматты ачык, ыкчам берип туруу зарыл», — деп билдирди ал.

Чакан курамда Копсуздук кеңешинин жыйынында коронавируска байланыштуу абал боюнча эки республикалык штабдын маалыматы угулду.

Коронавирустун өлкөгө кирүүсүн алдын алуу жана анын жайылышын болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө маалыматты вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, билим жана илим министри Каныбек Исаков берди.

Өлкөдөгү экономикалык абалга коронавирустун кесепеттеринин таасирин азайтуу боюнча докладдар менен вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, экономика министри Санжар Муканбетов, финансы министри Бактыгүл Жеенбаева, айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов чыгып сүйлөштү.

Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Акылбек Султанов Кыргызстандын калкын каттоо буга чейин пландалган мөөнөттө — 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин, алыскы райондордо — 20-апрелден 29-апрелге чейин өтөөрүн маалымдады.

Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 16-мартынан баштап, өлкөнүн бардык мектептерин жана жогорку окуу жайларын үч жумага карантинге жабуу чечими кабыл алынды.

Президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги жөнүндө дагы бир жолу эскертти. Зарыл болгон иш-чаралар тиешелүү деңгээлде ишке ашырылбаса, эң катуу чаралар көрүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер