“КООПСУЗ МЕКТЕП” ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 20.05.2024
  • 0

Төрт жылдык “Коопсуз мектеп” долбоору Билим берүү жана илим министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылды.  Натыйжада 1 миллион мектеп окуучулары өзгөчө кырдаал маалда жүрүм-турум боюнча машыгуудан өтүштү.

“КООПСУЗ МЕКТЕП” ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бул долбоорго катышып жаткан өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, бул багыттагы иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

— Президентибиздин саясатында мектеп коопсуздугу — артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Быйылкы жылы эле 140 жакын жаңы мектеп салынды. Мектепти салып койгон бир жөн экен, бирок ар бирибиздин коопсуздукту башкаруу көндүмдөрүбүз өтө зарыл, — деди ал.

Маалыматка таянсак, ЮНИСЕФ өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктар учурунда мектептердин коопсуздугун жогорулатуу боюнча төрт жылдык долбоорду аяктады. Долбоордун алкагында 1 миллион мектеп окуучулары өзгөчө кырдаалдар учурундагы коопсуздукту үйрөнүштү жана 600 мектепке даярдыкты камсыздоо үчүн жабдуулар алышты. Долбоор Япония өкмөтү тарабынан каржыланып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай Коому менен биргеликте ишке ашырылган.

— ЮНИСЕФтин жана Кызыл жарым ай коомунун ыктыярчылары Кыргызстан боюнча дээрлик эки миң мектепте жана бала бакчаларда тренингдерди жана симуляциялык көнүгүүлөрдү өткөрүштү. Мектеп окуучулары жана кызматкерлери ар кандай өзгөчө кырдаалдардын негизги элементтери жана коопсуздукту сактоо үчүн өзүн алып жүрүү жолдору менен таанышты. Симуляциялардын жүрүшүндө катышуучулар коопсуздук чаралары алардын талаптарына жооп бериши үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга өзгөчө көңүл бурушту, — дейт ЮНИСЕФтин коммуникация боюнча адиси Кайрат Мурзакимов.

“КООПСУЗ МЕКТЕП” ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ“КООПСУЗ МЕКТЕП” ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Года Хидеки климаттын өзгөрүшү жана ага байланыштуу кырсыктардын тобокелдиктери глобалдык маселе экенин, анын ичинде Кыргызстан үчүн да көйгөй экенин белгиледи.

“КООПСУЗ МЕКТЕП” ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ“КООПСУЗ МЕКТЕП” ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

— Климаттын жана табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү. Мына ушундан улам бул долбоор өз убагында жана натыйжалуу ишке аштып, — деди ал.

Окутуудан тышкары ЮНИСЕФ Кыргызстан боюнча 600 мектепти сиреналар, авариялык чыгуу үчүн атайын эшиктер жана ар кандай шаймандар менен жабдыган. Бул жабдуулар мектептердин коопсуздук чараларын бир кыйла жакшыртууга жардам берди. Баткен районунун Ак-Сай айылындагы мектеп атайын жабдуулар аркылуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча республикалык системага кошулду.

“КООПСУЗ МЕКТЕП” ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

— Балдар ар кандай кырсыктын алдында, өзгөчө жабык жайларда жана имараттарда эң аялуу топ болуп саналат. Балдарды мындай кырдаалдарда туура жүрүм-турумга үйрөтүү, алардын коопсуздугу жана аман калышы үчүн өтө маанилүү. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы мектептердин коопсуздугун жакшыртуу боюнча иш алып барганына сыймыктанат, — деди  белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев балдарды өрт, жер титирөө сыяктуу ар кандай өзгөчө кырдаалдарда алып жүрүүгө үйрөтүү боюнча программалардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер