КОНДИТЕРЛЕР ТАЙМАШЫ

  • 30.10.2018
  • 0
КОНДИТЕРЛЕР ТАЙМАШЫ

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде кондитердик азыктарды чыгаруу боюнча технологдордун мелдеши өттү.

Бул жолку мелдешке  окуу жайдын студенттери менен биргеликте Кыргызстандагы эң алдыңкы кондитердик үйлөрдүн технологдору катышты.

Иш-чаранын максаты Кыргызстандын илимий чөйрөсүн колдоо жана окуу жайлар менен жеке секторлордун кызматташтыгын арттыруу,  өндүрүүчүлөрдүн карым-катнашын жакшыртуу жана илим менен өндүрүштүн  байланышын бекемдөө болуп саналат.

Турнирдин жеңүүчүлөрү Борбордук Азия боюнча өтө турган кондитерлердин мелдешине катышууга жолдомо алышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер