КМУ СТУДЕНТТЕРИНЕ СЫНАК ЖАРЫЯЛАДЫ

  • 26.04.2020
  • 1

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети студенттер арасында окуу жай тууралуу “Уюткулуу окуу жайым — сыймыгым” аттуу эссе жазуу боюнча онлайн сынак жарыялады. 

КМУ СТУДЕНТТЕРИНЕ СЫНАК ЖАРЫЯЛАДЫ

Сынак учурдагы пандемия шартында дистанттык технологияларды колдонуу менен жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүп билим-тарбия алып жаткан студенттердин чыгармачылыкка болгон кызыгуусун арттырууну, патриоттуулук, адеп-ахлак, маданий-интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүүнү жана өзүн-өзү таануусун камсыздоо максатын көздөйт. Сынакка катышууну каалагандар өзүнүн окуу жайындагы ардактуу устаты, “И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети — жаркын келечекке карай жол” жана “Билим гана адамды бийиктикке жеткирет” деген теманын бирөөнү тандап алып эссе жазышы керек.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө: 1-орунга нетбук, 2-орунга планшет, 3-орунга смартфон берилет жана 1, 2, 3-даражадагы дипломдор, кызыктыруучу сыйлыктар да күтөт. Жеңүүчү деп табылган студенттер атайын ректордук стипендия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат жана мыкты деп табылган эмгектер атайын жыйнак болуп басмадан чыгарылып, университеттин сайтына, “Арабаев Пресс” гезитине жана башка массалык маалымат каражаттарына жарыяланат.

Бөлүшүү

Комментарийлер

Кадырова Алина Жолчубековна / 27.04.2020 19:56
"Билим гана адамды бийиктикке жеткирет" "Билим" бул,адам баласы эс тартып баштаган кундон тартып билимге болгон умтулуусу кучойт.Мектепке болгон кызыгуусу артып кундон кунго изилдоолордун устундо журот. Мектепке жаны барган учур ар бир адамдын эсинде. "Алиппе"китепти жаны колго алган учур. "Алиппени" жазган Ишеналы Арабаева. "Аа"тамгасын жаны окуп "Тамгаларды" жаттап " Ата" "Апа" деген создон башталган биринчи билимим али эсибизде! Бул Инсан жонуно айта берсек кооп жакшы нерселерди калтырып кеткен, эн маанилуусу Ишеналы Арабаевдин аты Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетине берилген. Бул биздин эн чон сыймыгыбыз "Уядан эмнени корсон, Учканда ошону аласын" деген соз кыргызда бекер айтылбаган. Улуу инсандарыбыздын айткан акыл кептери бизге дем куч берет, жана сыймыктанабыз. Ушунун баары бизге ачылган "Билимдин" ачкычы деп билем. "Канчалык эмгектенсен ошонун узурун коросун" дегендей "билим"да " ийне менен кудук каскандай" ушул ар бир айтылган коздордун баары Ата Бабаларыбыз таамай создорду. "Билимдууго дуйно жарык" " билимсизге дуйно карангы дейт" андыктан ар бирибиз "Билим" алсак бизге дуйно жарык болот. Жашоодо максатыбыз бийик болот... Кооптогон ийгиликке жетебиз. Биз "Кыргызстанга" эмне кылып койдук деген чон сезим менен жашайлы жана озубуз алган "билим" менен бизден кийинки жаш муундарга жакшы бир жаркын келечек жаратып берели. Баарыбыз терен билим алууга умтулалы ошондо гана бийиктикке жетебиз!