КИТЕПКӨЙЛӨР МЕЛДЕШТИ

  • 10.02.2023
  • 0

КИТЕПКӨЙЛӨР МЕЛДЕШТИ

Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класс мугалимдери Абылкасымова Айпери жана Темирбекова Сезимдин жетекчилиги астында 4-класстар арасында Ч. Айтматовдун чыгармаларын окуу боюнча “Окурман окуучу” интеллектуалдык мелдеши болуп өттү.

1-этапта жалпы 93 окуучу катышып, Sun-Rav платформасына түзүлгөн тесттен өтүп, 2-этапта окуучулар ата-энелери менен биргеликте Ч. Айтматовдун чыгармаларынан сценка коюп, суроолорго жооп беришти. Жеңүүчүлөр китеп жана грамоталар менен сыйланышты.

— Эң мыкты иш-чара болду. 4-класстардын окуучулары залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун чыгармаларын окуп, сахнада каармандардын образдарын кадимки сахна чеберлериндей аткарганы, чыгарманын мазмунун жакшы түшүнгөндүктөрүн айгинеледи. Мында мугалимдердин эмгектери зор экенин белгилегим келет. М.Жунусакунова, Г.Мамбетакунова, А.Абылкасымова, С.Темирбекова, Өскөнбай кызы Рыскүл эжейлердин мыкты билим-тарбиясынын таасири чоң, — дейт калыстар тобунун мүчөсү, КР эмгек сиңирген мугалими Гүлүмкан Асанкадырова.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер