КИТЕП ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ

  • 23.04.2024
  • 0

23-апрель · Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Кара-Көл шаарындагы Д.Шопоков атындагы №4 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мусуралиев Байыш 6-в классында «Китеп дүйнөсүнө саякат» аттуу тарбиялык саатты шаардык китепканада өттү.

КИТЕП ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ

Сабактын жүрүшүндө балдар китепканачы эжейден китепканадагы электрондук китеп окуу жол-жоболору менен таанышып, мугалимден китеп окуунун пайдалуу жактары, окуу эрежелери, китептин келип чыгышы тууралуу кызыктуу маалыматтарды алышты. Өздөрү да китеп жөнүндө ырларды ырдашып, улуу адамдардын учкул сөздөрүнөн айтышып, китеп тууралуу сахналык көрүнүш тартуулашты. Жан дүйнөсүнө руханий азык топтогон китептин жаш достору бул күнү үйлөрүнө кубанычтуу кайтышты.

КИТЕП ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ

Махабат МИҢДИБАЕВА,
Кара-Көл шаары,  Жалал-Абад облусу

Бөлүшүү

Комментарийлер