КЭУНУН ИЛИМПОЗУ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ЖУМУШЧУ ТОПТУН КУРАМЫНДА

  • 17.12.2018
  • 0

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин банк ишмердиги жана камсыздандыруу кафедрасынын башчысы, э.и.к. Джаилова Асель Москва шаарындагы Экономика жогорку мектебинде академиялык алмашуунун алкагында Евразиялык экономикалык бирликтин өнүгүүсүнүн заманбап парадигмасын иштеп чыгуу боюнча илимий-жумушчу топтун курамында ийгиликтүү иштеп келди.

КЭУНУН ИЛИМПОЗУ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ЖУМУШЧУ ТОПТУН КУРАМЫНДА

Бул жумушчу топ беш өлкөнүн илимпоздорунун курамынан турат. Жалпы 18 киши ушул жылдын 15-ноябрынан  14-декабрына чейин иш алып барды.  Академиялык алмашуунун жыйынтыгы боюнча  «Келечектеги ЕАЭБ илимий — билим берүүчү коомдоштуктун көз карашы менен»  темасында баяндама даярдалды. ЭЖМда ЕАЭБдин академиялык алмашуусунун расмий ачылышы 18-ноябрда болгон. Иш-чаранын алкагында бир катар эл аралык конференциялар, форум өткөрүлдү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер