КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР КЫТАЙЛЫК ӨНӨКТӨШТӨР МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫКТЫ БЕКЕМДӨӨДӨ
- 15.05.2024
- 0
11-майда Бишкекте кесиптик билим берүү боюнча VIII эл аралык “Бир алкак, бир жол” форумунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин жана И.Касендеев атындагы №91 кесиптик лицейинин өкүлдөрү кытайдын окуу жайлары менен кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюшту.
№99 кесиптик лицейдин окуучулары 1-сентябрдан баштап Кыргыз Республикасындагы Конфуций институтунун курстарында кытай тилин үйрөнө алышат.
№91 кесиптик лицейдин жана Шэньси кесиптик-техникалык колледжинин өкүлдөрү кытай ашканасынын ашпозчуларын даярдоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Шэньси кесиптик-техникалык колледжинин коноктору окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышышты.
Бөлүшүү
Комментарийлер