КЕСИПТИК КАДЫР-БАРКТЫ ТЕБЕЛЕГЕН  ЖОРУКТАРГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

  • 05.11.2025
  • 0

Президент Садыр Жапаров  Кылмыш -жаза кодексине жаңы толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Ага ылайык мугалимге, дарыгерге, кесиптик милдетин аткарып жаткандарга кол көтөрүп, ден соолугуна зыян келтиргендерге  100 миң сомго чейин айып пул салынат же беш жылга түрмөдө жазасын өтөй турган болду. Эми чоң муштумдар, эмоциясын башкара албаган ачуулуулар эсине келип, улуу кесипти аркалаган мугалимдерди, дарыгерлерди урматтаганды үйрөнөт деген зор ишенимдебиз. Төмөндө биз ушул кезге чейин мугалимдерди моралдык жактан басынтып, түркөйлүгүн көрсөтүп, мектепке ызы-чуу салган жоруктардын айрымдарын гана эске салгыбыз келди.

Мугалимдерге карата ата-энелерден, өздөрү окуткан окуучулар аркылуу жасалган ар кандай терс көрүнүштөгү  орой мамилелери  социалдык тармактарда  жарыяланып келет.  Анда тартылып алынган видеолордо  мугалимдерге ата-энелер тарабынан кол көтөрүү, жек көрүп, тилдеп абийирине, намысына тийген сөздөрдү айтканын көрүүгө болот.

Мисалы, өткөн 2024-жылы 9-октябрда Бишкектеги №57 мектепте  окуучунун энеси сабак учурунда класска кирип келип, мугалимди окуучулардын көзүнчө урушуп, кемсинткени  социалдык тармактарга видео түрүндө тараган. Анда окуучунун апасы мугалим баласын урушканын айтып, “300 сомумду бер” деп акча алганын көрөбүз. Мугалим ыйлап, “берген белегине ыраазы экенин, ал эч кимге жаман сөз айтпаганын” билдирет. Бул окуяны учурунда  министрлик  өз көзөмөлүнө   алган. Чыр-чатактан соң  борборубуздагы  №57-мектепте иштеген мугалим аргасыз ишинен  бошонуп кеткенин белгилүү болгон.  Министр Догдуркүл Кендирбаева окутуучунун укуктарын тебелөөгө жол бербөө керектигин эскертип, аны кайра ишке кайтаруу тапшырмасын бергени айтылган.  Коомчулук да мугалимди мектепке кайрылып келүүсүн өтүнүп, дээрлик көпчүлүгү мугалимдин кадыр баркын көтөрүү жөнүндө кеңири сөз кылышкан эле. Ал кездеги Билим берүү жана илим министрлиги окуя Бишкек шаарындагы №57 мектепте болгонун ырастап, “мугалимге ыдык көрсөтүү, анын беделин түшүрүүгө аракет кылуу -жол берилгис көрүнүш” деп маалымат тараткан.

Ал тургай КР Президенти Садыр Жапаров да бул жагымсыз көрүнүшкө “Жылдын мыкты мугалими” жана “ Жылдын мыкты тарбиячысы” сынактарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземинде  өз пикирин пикирин төмөндөгүдөй билдирген эле:

«Ушул жерден жакында эле болуп өткөн кейиштүү окуяга токтоло кетейин. Бир окуучунун апасы мектеп мугалимин «баламды урушасың» деп тилдеген жагдайды көрүп, абдан капа болдум. Мен билгенден 45 мүнөттүк сабак учурун ата-эне түгүл, ошол мектептин директору эле эмес, керек болсо министр дагы барып токтотууга укугу жок. Ал эми жогорудагы жосунсуз жорукта 45 мүнөт сабак токтогону аз келгенсип, «мугалим» деген улук аттын кадыр-баркы тебеленип, ошол жерде мугалим болсом деген канча окуучунун ой-кыялы талкаланды. Мындай түркөйлүккө мектепте да, бала бакчада да, керек болсо коомчулуктун кайсыл жеринде болбосун жол бербешибиз керек. Биз мугалим менен тарбиячыны ушундай салтанаттуу иш-чараларда эле эмес, иш жүзүндө коргоп, колдоп, көтөрүп алышыбыз кажет. Тамга таанытып, көзүбүздү ачып, ушул деңгээлге жеткирген мугалимдерибиз менен тарбиячыларыбыз бир эле мектеп менен бала бакчаларда эмес, кайсы жерде болбосун, бийик сый-урматка татыктуу болушун камсыз кылышыбыз шарт!»

Учурунда ал аялга карата КР Укук бузуулар кодексинин «Педагогика кызматкерине карата сыйлабастык» беренеси менен протокол түзүлүп, иш сотко берилип,  аталган берене боюнча  окуучунун апасына  1000 сом айып салынганын ЖМКлар жазып чыгышты.  Соттун чечими кыргыз коомчулугунун арасында ар кандай пикирлерди жаратканы эсибизде.

Ал эми ата-эне тургай өзү окуткан окуучусунан кагуу жеген  Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназиядагы мугалимдин окуясы эсиңиздерде болсо керек.  Аталган мектепте мугалим сабак учурунда окуучу баланы жулкулдатып жаткан видео жүктөлгөн.

Окуянын чоо-жайын териштирген билим берүү уюмунун этика боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде мектептин администрациясы тарых мугалимине  сөгүш жарыялаган. Ошондон кийин эле ал жумуштан өз каалоосу менен арыз жазып, бошонуп кеткен. Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназиянын тарых мугалими  кийин өзү иштеп кеткен мектепке кайтып келген. Анын бул кадамга барышына өз кесибине болгон сүйүүсү, өзү окуткан окуучулардын ата-энелеринин суранычы, ошондой эле министрликтин колдоосу түрткү берген. Коомдук ишмер, журналист Элнура Кулуева бул тууралуу өз пикирин мындайча жазган: “Лебединовкадагы мектепте мугалим 8-классттын окуучусун жулкулдаткан видеосу социалдык тармакта катуу талкууга алынган. Факты боюнча айта турган болсок, окуучу бала мугалимди сабак учурунда сөгүп салган . Окуучудан сөгүү уккан мугалим окуучуну жулкулдаткан. Жыйынтыгында, тарых сабагынан берген мугалим өз калоосу менен арыз жазып, иштен кетти. Кесиптештеринин айтымында мугалим мыкты мугалимдердин бири экен. Эмне дейбиз? Мектептеги сый-урмат баалуулуктун жоктугу, тарбиясыз муундун өсүп келе жатканы, коомдо агрессиянын күч алышы, мээримсиз муун, жоопкерчиликти сезбеген коомдун кесепети бизге ушундай сабак берип жатат. Биз бүгүн кимди коргойбуз?”

Мектепте иштеген мугалимдер  өз ара пикир келишпестиктен улам да чыр чатак чыккан учурлар бар. Атап айтсак, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №5 мектептин кыргыз тили, адабияты мугалими  бирге иштешкен коллегалары, ата-энелер тарабынан сабалганы айтылган.

Жабырлануучу төмөндөгүдөй көрсөтмө берген: “Окуу, тарбия боюнча завучу  экинчи кабаттагы камерадан алыс кабинетке алып барды. Ал жакта башка мугалимдер, ата-энелер да бар экен. Мени ошол жерден ур-токмокко алышты, бетиме түкүрүп, башыма чапты. Телефонум түшүп кетти, аны алайын дегенде артымдан тепти, — деген ал.

Ошол эле күнү  Сузак райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнөн милицияга кабар түшкөн. Анда   Сузак районунун Ырыс айыл аймагындагы мектептердин биринде  мугалимди окуучулардын ата-энелери пикир келишпестиктен улам уруп койгондугу кабарланган. Жалал-Абад ОИИБден бул факты «Денеге залал келтирүү» болуп катталып, тергөө иштери жүргүзүлүп, экспертизанын жыйынтыгы менен окуяга юридикалык баа берилген.

Ушундай эле жагымсыз чыр чатак үстүбүздөгү жылы май айында Бишкектеги №56 мектептеги китепканачы менен мугалимдин ортосунда болгон. Окуянын жүрүшүн баяндап окуучулар, ата-энелер тийиштүү тармакка арыз менен кайрылышкан.

Мугалимдин кадыр баркына доо келтирип, тебелеген мындай өңүттөгү жат көрүнүштөр маа-маалы менен республикабыздын дээрлик бардык аймактарында кайталанып келгени өкүндүрбөй койбойт. Ушундай жоруктардан улам КР Президентинин  “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  мыйзамына кол коюп, кесиптик кадыр баркка доо келтирген жарандарга карата укуктук чараларды күчөткөнү мезгил талабы болду.

М.ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер