КЕСИПТИК БИЛИМГЕ АРНАЛГАН ФОРУМ

  • 15.05.2023
  • 0

16-майда “Сапаттуу кесиптик окутуу жана билим берүү өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи” аталышындагы  эл аралык форум өтөт.   

КЕСИПТИК БИЛИМГЕ АРНАЛГАН ФОРУМ

Бул форумдун  максаты – кесиптик билим берүүнү жана окутууну өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн негизги катышуучулар менен пикир алмашуу.

Билим берүү системасынын бир бөлүгү болгон Башталгыч кесиптик билим берүүнүн негизги максаты — эмгек рыногунун талабына шайкеш квалификациялуу кадрларды даярдоо болуп эсептелет.

Башталгыч кесиптик билим берүү системасы өзүнүн 80-жылдык тарыхында бир миллион 300 миңден ашуун кесипкөй куруучуларды, ширетүүчүлөрдү, тигүүчүлөрдү, ашпозчуларды, трактористтерди даярдады. Бүгүнкү күндө ошол адистер Бишкек шаарынын жана республикалык курулуштун жаңылануусуна, жеңил өнөр жай, айыл чарба жана инновациялык технологияларды өнүктүрүүгө чоң салым кошууда.

Учурда өлкөдө жүз кесиптик окуу жайы бар. Алар Бишкек шаарында жана Чүй, Нарын, Талас, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен облустарынын бардык аймактарында жайгашкан.

Бөлүшүү

Комментарийлер