КЕМИН РАЙОНУНУН АЛТЫМЫШ АЙЫЛЫНДАГЫ №19 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ

  • 15.07.2018
  • 0

КЕМИН  РАЙОНУНУН  АЛТЫМЫШ АЙЫЛЫНДАГЫ №19  КЕСИПТИК  ЛИЦЕЙИ

Биз 2018-2019–окуу  жылына  учурдун  эң  керектүү   кесиптерин  үйрөнүүгө  чакырабыз!!!

№19  кесиптик  лицейи    жогорку  чеберчиликтеги жумушчу  адистерди   даярдайт:

3 жылдык  мөөнөт менен 9–класстын   бүтүрүүчүлөрү  үчүн:

Окуу Алтымыш айылында жүргүзүлөт.

  • “Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты” (фермер) кесибин өздөштүрүү менен бирге квалификациясы:
  • 1-баскыч сүттү кабылдоочу лаборант,
  • 2-баскыч сүттү жана жашылча, мөмө жемиштерди кайра иштетүүчү оператор,
  • “С” категориясындагы автоунаа айдоочу.

Окуу Кемин шаарында жүргүзүлөт.

  • “Ашпозчу, кондитер, наабайчы” кесиби боюнча квалификациясы:
  • 3,4–разряддагы ашпозчу;
  • 3,4-разряддагы кондитер;
  • Нан жапкыч.

Бюджеттик  негизде  окуган  окуучуларга сабактардан  жетишүүсүнө  жараша  стипендия төлөнөт.

Сабактарынан «5» деген  баага окуган окуучуларга 300 сом, «4»  жана «5» деген баага 250 сом, «4» деген баага 200 сом өлчөмдө стипендия төлөнөт.  Алыстан келип окуган окуучуларга  акысыз жатакана жана   тамак менен камсыз кылынат. Окуу  мезгилинде балдар  аскер  кызматынан  бошотулат.

3 жылдык мөөнөт менен кесиптик билим алып бүткөндөргө мамлекеттик үлгүдөгү диплом жана  орто билими жөнүндө аттестат берилет.

 10 айлык мөөнөт менен 9-11–класстын   бүтүрүүчүлөрү  үчүн:

  • «Ачык тоо кен машинисти» (Экскаватор, бульдозер) окуу мөөнөтү 10 ай. Алтымыш айылы.
  • Электр жана газ менен ширетүүчү (С1 категориясындагы автоунаа айдоочу күбөлүгү) окуу мөөнөтү – 10 ай.  Кемин шаары.
  • Электр жана газ менен ширетүүчү (С категориясындагы автоунаа айдоочу күбөлүгү) окуу мөөнөтү – 10 ай. Алтымыш айылы.

Бюджеттик  негизде  окуган  окуучуларга сабактардан  жетишүүсүнө  жараша  стипендия төлөнөт.

Сабактарынан «5» деген  баага окуган окуучуларга 500 сом, «4»  жана «5» деген баага 400 сом, «4» деген баага 300 сом өлчөмдө стипендия төлөнөт.  Алыстан келип окуган окуучулар  жатакана менен камсыз болушат.

30 жашка чейинки курактагы абитуриенттер  кабыл алынат.

10 айлык  мөөнөт менен кесиптик билим алып бүткөндөргө мамлекеттик үлгүдөгү диплом берилет.

3 айлык мөөнөт менен:

Райондук  иш  менен  камсыз  кылууга көмөктөшүү башкармалыктары тарабынан жиберилген жумушсуз адамдар жана өз алдынча акы төлөп окууну каалагандар төмөнкү кесиптер боюнча окутулат: Окуу мөөнөтү 3 ай.

  • Жеке компьютердин оператору
  • Ашпозчу – кондитер
  • Электр жана газ менен ширетүүчү
  • Экскаватордун машинисти
  • Бульдозердин машинисти

3 айлык кыска мөөнөт менен кесиптик билим алып бүткөндөргө мамлекеттик үлгүдөгү сертификат берилет.

Окуу заманбап жабдылган кабинеттеринде жана өнөрканаларында жүргүзүлөт. Инженердик–педагогикалык кызматкерлер курамы талапка жооп берет. Тарбиялык иштердин бардык түрлөрү жүргүзүлөт.

Окуу жайына тапшырылуучу документтер:

  1. Директордун наамына жазылган арыз
  2. Билими тууралуу документ (аттестат, күбөлүк)
  3. 0-86-У формасындагы медициналык маалымдама
  4. 0-83-У формасындагы медициналык маалымдама.
  5. Паспорттун жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.
  6. Үй-бүлөсү жана жашаган жери туурасында маалымдама.
  7. Сүрөт 3х4 (4 даана)
  8. Скоросшиватель (1 даана)

№19 Кесиптик лицейдин дареги:

Кемин району:

  1. Ленин көчөсү №86б
  2. Алтымыш айылы, Султанбаев көчөсү №3.

 Байланыш телефондору:

(03135)51 – 617 ; 51 – 245

0701887300; 0707388536; 0703792805; 0703941554.

Бөлүшүү

Комментарийлер