КЕЛЕЧЕКТЕГИ КУТКАРУУЧУЛАРГА АРНАЛГАН ЛЕКЦИЯ

  • 19.11.2024
  • 0

Ош технологиялык университетинде өмүр тиричилик коопсуздугу кафедрасы тарабынан ЗЧС багытында окуп жаткан студенттерге конок лекция уюштурулду.

Лекцияга Республикалык куткаруу отрядынын окуу бөлүмүнүн башчысы майор Талантбек Кадыров, 3-авариялык куткаруу тобунун командири улук лейтенант Ханболсун Ысмаилов жана Манас Бекташов келип, жарандык коргонуунун тактикасы тууралуу студенттерге кызыктуу маалыматтарды айтып беришти. Бул багытта билим алып жаткан келечектеги инженер-куткаруучуларга бул кесип менен эмгек жолдорун улантып келаткан инженерлер бул кесиптин өзгөчөлүгүн, врачтар сыяктуу эле адам өмүрүн сактоо биринчи милдет экендигин белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өзгөчө кырдаалдарда көрсөтүлүүчү алгачкы жардамдарга байланышкан ар кандай суроолорго жооп алышты.

Жыйынтыгында окуу жайдын жетекчилиги конокторго ыраазычылык каттарды тапшырды.

 

ОшМУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер