КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ

  • 04.11.2022
  • 0

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 14 орто мектептин ар бирине жыйырмадан компьютер берилет.

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Ильич Жакшылык уулунун айтымында, бул «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылып жатат. Бул боюнча долбоордун өкүлдөрү айыл өкмөт башчылары жана мектеп директорлору менен жолугушту.

— Аталган долбоорго биздин райондогу 18 орто мектептин арасынан 14 мектеп кирген. 14 орто мектептин ар бирине жыйырмадан компьютер берилет. Буга чейин эмеректер берилген. Жакынкы күндөрү компьютерлер келет, — деди Ильич Жакшылык уулу.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер