PISA-2025: КАРА-СУУДАГЫ ДАЯРДЫК ИШТЕРИ

  • 26.02.2025
  • 0

Ушул тапта өлкө боюнча STEM мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курстарынын бешинчи этабы жүрүп жатат.  Окутуу ушул жылдын март айына чейин созулуп, 16 миңге жакын мугалимдерди камтыйт.

PISA-2025: КАРА-СУУДАГЫ ДАЯРДЫК ИШТЕРИ

Кара-Суу райондук  билим берүү бөлүмүнүн усулчусу, улуттук мастер-тренер Элеман Жанышовдун бизге берген маалыматына караганда, PISA-2025 тестирлөөсүнө даярдык көрүүдө Кара-Суу  районунда илим багытында 752 мугалим, ал эми математика багыты боюнча 320 мугалим  кайра даярдоо курсунун 72 сааттык  программасынан  өттү.

Анын  айтымында  5-агымда билим алгандар жалпы 10 тайпаны түзүп,  райондогу  алдыңкы таяныч билим берүү мекемелери: №86 Курманжан Датка, №77 Хамза,  №88 М.Заиров,  №139 К.Эрматов, №66 К.Жакыпов  атындагы билим берүү мекемелеринин базасында өткөрүлдү. Райондон PISA-2025 эл аралык  программасына эки билим уясы: Жусуп Турусбеков атындагы жана жана №124 жалпы билим берүү орто мектеби катышат.

PISA-2025: КАРА-СУУДАГЫ ДАЯРДЫК ИШТЕРИ

Билим берүү жана илим министрлиги жана республикалык мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатуу институту менен бирге STEM сабактары боюнча чоң масштабдагы окутууну колго алды.

Кара-Суу районунда тренерлер физика, биология, химия, география предметтеринин мугалимдерине химиялык элементтердин реакциясын практика жүзүндө үйрөтүүдө. Курска келген окутуучулар тажрыйбаларын өнүктүрүү менен бирге эң алдыңкы эл аралык тажрыйбалар менен таанышууда.

Ошондой эле мугалимдер мектеп окуучуларына лабораториялык иштерди жүргүзүүдө кандай эрежелерди эске салуу  керектигине көңүл бурушууда.

Аталган окуу иштери мектеп мугалимдерин 5E илимий модели менен тааныштырууну көздөйт. PISAнын компетенцияларын өнүктүрүү аркылуу окуучулардын табигый сабаттуулугун жогорулатуу максатындагы өтүлгөн методиканы мугалимдер кандай пайдаланып жатат: ушул максатта окуу курстарын анализдөө иштери да жүрүүдө.

Бул курс «ПИЗА компетенцияларын өнүктүрүү аркылуу окуучулардын табигый-илимий сабаттуулугун жогорулатуу» деп аталып, жалпысынан: тартуу, изилдөө, түшүндүрүү, тереңдетүү жана баалоо болуп беш этаптан турат.

Мында мугалимдер мектеп окуучуларынын STEM сабактарына кызыгуусун арттыруу, алардын сынчыл ой-жүгүртүүсүн, изилдөө жөндөмдүүлүгүн жана топ менен иштөө көндүмүн өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды окуп үйрөнүүдө пайдалуу маалыматтарды алышканын айтышты:

— Бул семинардан жаңы 12 жылдык окутууга өтүү боюнча мазмундуу билим алдым. Биз окутууда практикага көңүл бурушубуз керек экен. Практика жүзүндө окутканда, балдар көбүнчө келечекке даяр болушат тура. Анткени балдар көзү менен көргөндө көп нерсени түшүнүп, аларда кызыгуу пайда болот, — дейт райондогу Курманжан Датка атындагы орто мектебинин директору Гүлсүн Бөрүбаева.

Эске салсак, аталган семинардын негизги максаты мамлекеттик стандарттарда каралган талаптарды так аткаруу менен мугалимдерди жаңы көндүмдөргө ээ кылуу, окуучулардын теориялык алган билимин лабораториялык жана практикалык иштер менен бышыктоо болуп саналат.

PISA-2025: КАРА-СУУДАГЫ ДАЯРДЫК ИШТЕРИ

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

.

Бөлүшүү

Комментарийлер