Каныбек ИМАНАЛИЕВ: “МУГАЛИМДЕРДИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ — МУГАЛИМДЕРДИН УЛУУ КУРУЛТАЙЫ”
- 29.08.2023
- 0
Бишкек шаарында өткөн “Санарип билим берүү жана жашыл көндүмдөр” педагогдордун Август кеңешмесинде бир топ орчундуу маселелерге билим берүү жана илим министри К.Иманалиев токтолду.
Анын айтымында, мугалимдердин август кеңешмеси – бул салтка айланган жыл сайын өтүүчү эң олуттуу жыйыны, мындайча айтканда мугалимдердин улуу курултайы.
— Кыргыздар байыртадан эле билимге ынтызаар болуп, билимдүү адамды ар дайым сыйлап келген. Кыргыз эли Түрк цивилизациясынын, “Орхон-Енисей” жазмасынын башында турган. Ошол доордогу өз жазмасы болгон саналуу улут болсо, ошолордун бири биздин ата-бабалар болгон. Ошол кезде эле биздин ата-бабаларыбыз “Ай-күн жыл санагын” жараткан. Алар айга карап аба-ырайын боолгоп, жылдызга карап жолго чыгып, үркөргө карап аштык айдап, тогоолго карап тиричилигин кылып келген. Табияттын миң сырын түшүнө билүү не деген баамчылдык?! Түрк ааламынын ойчулдары, даанышмандары аталган Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари биздин мекендешибиз болгондугу биз үчүн чоң сыймык. Молдо Нияз, Тоголок Молдо аталарыбыз акын, даанышман гана эмес эң ириде эл агартуучулар болушкан, — деди министр.
Нарктуулук, тарбия
— Кыргыз элинин аздектеп келген ата-салты, үрп-адаттары, элдик оозеки чыгармачылыгы – улуттук педагогиканын асыл кенчи эмеспи. Кыргыз эли сөз багып, сөздү кадырлап, маани берип, данектүү сүйлөп, даректүү кеп айтып, терең маанилүү элдик педагогиканы камтыган таалим-тарбия кодексин жаратышкан. Биздин макал-лакаптар педагогиканын эмне деген асыл кенчи. Бир, эки сапта эле опол тоодой ойлор, орошон түшүнүктөр жатат, — деди К.Иманалиев. — Биз окутуу жана тарбиялоо процессин этнопедагогиканын негизинде өркүндөтүүбүз абзел. Сырттан кирген даяр форма менен мазмун ар дайым эле оң натыйжа бере бербестигин турмуш чындыгы далилдеди. Элибиздин рухий байлыктарына, кыргыз элинин менталитетине таандык моралдык-этикалык улуу дөөлөттөрдү окуучуларыбыздын дилине сиңирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп турат. Улуттук педагогика менен санарип билимди айкалыштыра билүү бүгүнкү башкы артыкчылык болуусу кажет.
Совет доорундагы билим
— Өткөн кылымдын башында Санкт-Петербург географиялык коомунун журналында “Кыргыз эли билимдүү болуш үчүн 350-400 жыл талап кылынат” деген кызыктуу божомол жарыяланган экен. Бирок мындай божомолдон 30 жыл өтпөй Кыргызстандын калкынын 97% сабаттуу болууга жетишкен. Совет доору кыргыз элининин бактысына Абдыкерим Сыдыков, Касым Тыныстанов, Кусеин Карасаев, Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу бүтүндөй бир мамлекетти, доорду өзгөрткөн жана бүгүнкү Эгемен Кыргызстандын пайдубалын түптөгөн чыгаан инсандарды даярдап берди. Совет доорунда чыныгы социалисттик ренессанс жаралган — башка улуттар 100 жылдарда жетпеген ийгиликтерге кыргыз эли бир канча жылда эле жетише алды. Демек, биз дагы ата-бабаларыбыздын жолун жолдоп өлкөбүздүн келечеги үчүн билимдүү муунду тарбиялашыбыз абзел. Бул биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздан экендиги талашсыз, — деди ал.
Андан соң ал негизгиси Кыргызстанда билимди көтөрүүгө жалпы улуттук максат, умтулуу бар экенин баса белгиледи.
— Буга урматтуу Президентибиздин акыркы кадамдары, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин, коомчулуктун колдоосу күбө боло алат. Бул биз үчүн опол тоодой ишенич. Бизди ар тараптан колдоп жаткан эл аралык өнөктөштөргө да рахматымды айтам. Ушул ишеничти актоо биздин озуйпабыз болот, урматтуу мугалимдер! Буга катар биздин акыркы жылда жасаган ишибизде ийгиликтер да жок эмес, — деди Каныбек Капашович.
Ал ар бир ийгиликтерди тизмектеп айтты. Алар:
— “Билим берүү жөнүндө”, “Илим жөнүндө” мыйзамдар кабыл алынды;
— Пилоттук түрдө “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашты;
— Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча Кыргызстан 166 өлкөнүн ичинен 45-орунду ээледи;
— Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо көрсөткүчү 2022-жылга салыштырмалуу 2,1 баллга жогорулады же башкача айтканда 119,8 баллдан 121,9 баллга өстү;
— Алтын сертификат алган балдардын саны 168 түзүп, былтыркыга караганда дээрлик эки эсеге көп болду:
— Капиталдык салымдар беренеси боюнча дагы мектептердин, бала бакчалардын курулушуна, оңдоп-түзөөсүнө бөлүнгөн каражаттардын суммасы дээрлик 7 эсеге өстү. Эгер мурун 1,2 млрд. бөлүнсө, быйыл 7,7 млрд сомду түздү;
— Кыргыз-Түрк Манас университети дүйнөлүк рейтингде алдыңкы 900 окуу жайдын катарына кирди;
— Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Президенттик «Акылман» лицейи ачылды. Президенттик IT лицейи түзүлдү;
— Мугалим болом деген бүтүрүүчүлөрдүн саны бир кыйла өсүп, кадыр-баркы жогорулап жатат. Мисалы: 2020-жылы 3000 мугалим жетишпесе, буйруса быйыл бул көрсөткүч 300-350 түштү; быйыл ЖОЖдордо педагогикалык кесипке 6 415 абитуриент тапшырып 4 366сы өттү, педколледждерге 14 269 тапшырып 11 614 өттү.
Г.А, «КБ»
Комментарийлер