КАЛЫС, ЧЕЧКИНДҮҮ ЖЕТЕКЧИ ЭЛЕ
- 21.05.2025
- 0
2025-жылдын 30-апрелинде «Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими» Жороева Гүлбар 79 жашында дүйнөдөн кайтты.
Жороева Гүлбар 1946-жылы 10 — майда Алай районундагы Кеӊ-Жылга айылында кызматчынын үй – бүлөсүндө туулган. Үй-бүлөдө 12 бир тууган болуп, жашынан эле баарлашууга, мамиле жасоого калыптанган.
Орто билимге 1965-жылы Корул айылындагы «Тогуз — Булак» мектебинен ээ болуп, мектепти эӊ жакшы баалар менен аяктаган. 1965 — 1970 — жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун биология факультетинен аяктаган.
Эмгек жолун 1970 — жылы өзү окуп билим алган Тогуз — Булак орто мектебинде биология мугалими болуу менен баштаган.
1972 -1977 — жылдары Тогуз — Булак (азыркы А.Бекташов атындагы) орто мектебинде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, 1977 -1990 — жылдары окуу- тарбия иштери боюнча директордун орун басары, 1990 — 2006-жылдары аталган мектепте мектептин директору кызматында үзүрлүү эмгектенген.
Гүлбар Жороевна педагогикалык жана административдик жетекчилик ишмердүүлүгүндө жүздөгөн жаш кадрлардын педагогикалык ишке калыптанышына, окуучулардын мектеп партасынан мыкты билим алып чыгышына өзүнүн зор салымын кошууга жетишти.
Гүлбар Жороевнанын жетекчилигинде №26 А.Бекташов атындагы орто мектеби областтык «Жылдын мектеби» сынагында өз учурунда жеӊүүчү болуп, иш тажырыйбасын жайылтууга жетишкен. Гүлбар эжекенин жетекчилигинде мектептин материалдык — техникалык базасы «Эӊ мыкты», окуу — тарбия иштеринин сапаты «Эӊ жогорку» деӊгээлдеги билим берүү мекемесине айланган. Өзүнүн иш тажрыйбалары райондук, областтык жана республикалык деӊгээлдерде жайылтылууга жетишкен.
Гүлбар Жороевнанын мыкты жетекчилик жана педагогикалык ишмердүүлүгү жогору бааланып, мугалимдердин I курултайынын делегаты, “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси баш болгон республикалык, областтык жана райондук масштабдагы ондогон Ардак грамоталарга татыктуу болгон. 2004-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалим” деген ардактуу наам берилген.
Гүлбар Жороевна ар дайым кичи пейил, адамгерчиликтүү, жоопкерчиликтүү адилеттүү, чечкиндүү жана калыс мамилеси менен кесиптештеринин эсинде калды.
Өмүрлүк жолдошу Бекташов Абилат ажы экөө 4 уул, 2 кызды тарбиялап өстүрүшүп баарына жогорку билимдүү болууга да жетишишти. Уулдары жана кыздары учурда түрдүү тармактарда үзүрлүү эмгектенишүүдө.
Гүлбар Жороевнанын жаркын элеси, артында калтырган үзүрлүү эмгегинин натыйжалары замандаштарынын, кесиптештеринин, билим берүү кызматкерлеринин эсинде түбөлүккө сакталат.
Гүлбар Жороевнанын үй-бүлөсүнө, балдарына жана кыздарына, жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз жана аза кайгыларын бөлүшөбүз.
Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн, профсоюз комитетинин,
А.Бекташов (мурдагы Тогуз-Булак) атындагы орто мектебинин
жана райондогу мектеп директорлорунун райондук секциясынын эмгек жаматтары
Комментарийлер