КӨЭАУДА “FASHION — 2022” МОДА СЫНАГЫ ӨТТҮ

  • 18.05.2022
  • 0

“Тоолорду коргоо жана климаттык туруктуулук” жылына карата  Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин инженердик-технологиялык факультети, 17-майда   эл аралык  “Fashion — 2022” мода сынагын өткөрдү.

КӨЭАУДА “FASHION - 2022” МОДА СЫНАГЫ ӨТТҮСынак Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору Чаткалбай Райымбаевдин куттуктоо сөзү менен башталды.  Иш-чарага   Ош мамлекеттик университетинин, Ош технологиялык университетинин  уздары өздүк иштерин калыстардын сынына коюшту.

Андан сырткары коңшулаш өлкөлөрдөн, Өзбекстандын Наманган мамлекеттик техникалык университетинин, Хорезм мамлекеттик университетинин чебер кыздары өз колунан жаралган кийим көргөзмөсү менен катышты. Ал эми Казакстандын Чымкент шаарындагы “Мэрис” университетинин уздары өздөрүнүн эмгектерин онлайн режиминде көрсөтүштү.

КӨЭАУДА “FASHION - 2022” МОДА СЫНАГЫ ӨТТҮКыргыз-Өзбек Эл аралык университетинен “Авангард”, “Вечерний наряд”, “Стиль большого города”, “Современная этника” коллекциялары көргөзмөгө чыгарылды.

Ал эми сынакка чыгарылган ар бир ишти ар бир калыс өзүнчө баалап, тыкыр карап чыгышты. Жыйынтыгында мыкты деп табылган иштерге Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жетекчилиги, бириккен профсоюз уюму, Ош шаардык маданият башкармалыгы жана калыстар тобу баалуу белектерди беришти.

Бөлүшүү

Комментарийлер