“КӨЧМӨ ӨНҮГҮҮ БОРБОРУ”– АТА-ЭНЕЛЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ же Наристелердин эрте өнүүгүсү мамлекеттин туруктуу келечегин аныктайт

  • 14.12.2017
  • 0

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду Кыргызстанда биринчи жана уникалдуу “Көчмө өнүгүү борбору” долбоорун ишке киргизди.  Долбоордун максаты — Бишкек шаарынын сегиз турак-жай конушунда мектепке чейинки курактагы балдарды эртелеп өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу аркылуу билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнү көздөйт. Аптада Дордойдогу №94 мектептин базасына келген Көчмө өнүгүү борбору ата-энелерге, окуучуларга, мектепке чейинки бөбөктөргө “Коопсуз энелик” темасында кызыктуу тренинг өткөрүп, ал жерге келген экс-президент Р.Отунбаева, ЖКнын депутаты Н.Никитенко, шаардык билим берүү башкармалыгынын адистери, дарыгерлер, окутуучулар, волонтерлор менен ата-энелер  бетме-бет сүйлөшкөнгө, суроо берип, жооп алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

“КӨЧМӨ ӨНҮГҮҮ БОРБОРУ”– АТА-ЭНЕЛЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ же Наристелердин эрте өнүүгүсү мамлекеттин туруктуу  келечегин аныктайт

Иш-чараны мектептин окуучулары “Манас” эпосунан үзүндү айтуу менен башташты. Андан соң сөздү долбоордун координатору Чынара Абдраимакунова алып, тренингдин катышуучуларына бир айдын ичинде жасалган иштери тууралуу чакан маалымат берди.

  • “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын балдарын ар тараптуу өнүктүрүү, алардын абалын жакшыртуу, ата-энелер балдарын эрте  өнүктүрүүсүнө көңүл бурдуруу  максатында Бишкек шаарындагы 48 конуштун ичинен сегиз жаңы конушту тандап алды. Дордойго бешинчи жолу келип, тренинг өтүп жатабыз. Максатыбыз – балдарды эрте жашта өнүктүрүүдө турмуштук көндүмдөрдү калыптандыруу боюнча ар түрдүү тренингдерди өткөрүү.  Ак-Бата, Калыс-Ордо,  Рухий Мурас, Дордой, Ак-Босого, Көк-Жар, Ала-Тоо, Кара-Жыгач  конуштарында ноябрь-декабрь айларында ден соолукка байланыштуу тренингдер өткөрүлдү. Маселен,  санитария жана гигиена, таза тиштер, анемияны алдын алуу жана коопсуз энелик темаларында бөбөктөргө практикалык түрдө, оюн аркылуу сабак жүргүзүлсө, ата-энелерге суроо-жооп ирээтинде кызыктуу маектер курулду. Бир жарым айдын ичинде 45 адис, 1377 ата-эне, 1036 бала долбоорго катышты. И. Арабаев атындагы КМУнун эң мыкты студенттери сабак өтүп жатышат. Кийинки айларда музыка, экология, китеп окуу, дене тарбия ж.б.у.с. темаларда ата-энелер жана балдар үчүн турмуштук көндүмдөрдү көрсөтөбүз жана үйрөтөбүз, — деди координатор.
  • “КӨЧМӨ ӨНҮГҮҮ БОРБОРУ”– АТА-ЭНЕЛЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ же Наристелердин эрте өнүүгүсү мамлекеттин туруктуу  келечегин аныктайт

Ал эми республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун дарыгери Б.Токторбаева, Кыргызстанда алты жылдан бери “Ден соолук” улуттук программасы  төрт багыт менен иштеп жатканын айтып, анын ичинде  эң негизгиси эне менен баланын ден соолугу экенин баса белгиледи.

  • Эгерде эненин ден соолугу болбосо, баланын ден соолугу кайдан болот? Оорукчан энеден кандай бала төрөлөт? Силердин ден соолугуңар  кимдин колунда?  Албетте, ар бир адамдын өзүнүн колунда. Илгери ден соолук медиктердин колунда дешчү. Акыркы изилдөөгө көз чаптырсак, 10%  медиктердин колунда, 17%  айлана-чөйрөнүн, 17%  тукум куучулукка байланыштуу, 60% адамдын өзүнүн колунда экен. Баланын ден соолугу жакшы болуш үчүн эненин боюнда болгондон баштап кароо зарыл, — деди дарыгер.

Андан соң ал кош бойлуу болгондо кайсы учурда каттоого туруш керек, бала төрөлгөндө кайсы учурда дарыгерге кайрылуу зарыл, төрөгөн аял кандай симптомдор болгондо врачка кайрылат ж.б.у.с. суроолорду энелерге берип, жооп алып, билбеген жерлерин толуктап айтып берди.

  • Аялдардын кош бойлуу учурдагы темир жетишсиздиги анемия дарты (аз кандуулук) – болочоктогу энелердеги дээрлик кеңири тараган оору. Анемиянын себеби – организмдеги темирдин жетишсиздиги.

Кош бойлуу кезинде аялдар анемиянын өнүгүү коркунучуна өтө жакын болушат, анткени кош бойлуулуктун дал ушул учурунда бала энеден анын темир запастарын ала баштайт.

Кош бойлуулардагы аз кандуулук бойдон түшүүгө, ара төрөөгө, төрөттөн кийинки кансыроого, салмагы аз жана иммунитети алсыз балдардын төрөлүшүнө алып келиши ыктымал. Көпчүлүк учурларда кош бойлуу аялдарда анемиянын өнүгүүсү белок, май, углевод, микроэлемент жана витаминдердин жетишсиздигине алып келүүчү жетишерлик эмес тамактануу менен байланыштуу.  Ошондуктан болочоктогу эне туура тамактануу кош бойлуулуктун нормалдуу өтүшү, түйүлдүктүн өсүү жана өөрчүшү үчүн зарыл болгон чаралардын бири болуп саналаарын билүүгө тийиш. Ар бир кош бойлуу аял каттоого туруп жана дарыгер тарабынан дайындалган темир камтыган дары каражаттарын жана фолий кычкылын ичүүгө тийиш. Кош бойлуу учурда туура тамактануу эненин ден соолугун сактоого, баланын толук баалуу өсүшүнө жана өрчүшүнө көмөктөшөт, — деди Б.Токторбаева.

“КӨЧМӨ ӨНҮГҮҮ БОРБОРУ”– АТА-ЭНЕЛЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ же Наристелердин эрте өнүүгүсү мамлекеттин туруктуу  келечегин аныктайт

Андан кийин “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева ата-энелерге балдарды жаштайынан өнүктүрүү үчүн китеп окуп берүү керек экенин айтты.

  • Экс-президентибиз Роза Исаковна Японияга барып, жапон инженери Масару Ибуканын баласына жолугуп, уруксат сурап, анын «3 жаштан кийин кеч» деген китебин кыргыз тилине котортту. Бул китепте ал адамдын өнүгүү процессиндеги өзгөчөлүктөрдүн бардыгын илимий деңгээлде аныктап, далилдеген. Баланын түнт болуп, чектелип калышы, тилинин келегейи, сөз байлыгынын өспөй калышы, кандайдыр бир коомдун жигердүү мүчөсү болбой калышынын себептери ушул эрте өнүгүүгө келип такалат, — деди Д.Кендирбаева. — Канчалаган тойлорго адамдар каражатын сарптайт, бирок баласынын өнүгүшү үчүн бир дагы китеп алып бербейт жана акча коротпойт. Эгерде балдарга өз убагыда өнүгүү муктаждыктарын чечип жана керектөөсүн канааттандыра албасак  эртең кеч болуп калат. Эрте өнүгүүдөн өксүгөн бала, мамлекеттин кубаттуу өнүгүшүнө салым кошо албайт. Ошондуктан бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң артыкчылыктуу багыттын бири  эрте жаштагы балдардын өнүгүүсүнө кам көрүү. Биздин фонд бир топ китептерди чыгарды, азыр анын баасы бир топ төмөн. Сатып алсаңыздар болот. Маселен, «Манас сүрөттөрдө» — орус тилиндеги сүрөттүү китеп, аны окуу учурунда сизде жана сиздин балаңызда баатырларда мейманда болуу, салгылашуулардын күбөсү болуу,  Кыргызстан жана анын тарыхы жөнүндө көптөгөн кызыктуу нерселерди билүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Анда кадимки эле буюмдарга жан кирет жана алар өзүндөгү сыйкырдуу касиеттерди ачат. «Балерина» (орус жана кыргыз тилдеринде) – бийлегенди абдан жакшы көргөн Бүбүсара деген кичинекей кыздын өмүрү жөнүндө сонун китеп. «Балерина» бийлегенди жакшы көргөндөр, балет жана сахна жөнүндө эңсегендер үчүн гана эмес, ошондой эле өз мекени, анын мыкты жана таланттуу адамдары жөнүндө, эмгек жана өжөрлүк жөнүндө, атак-даңктын туу чокусуна карай жол канчалык татаал, бирок ошондой эле кызыктуу экендиги жөнүндө көбүрөөк билүүнү каалаган бардык балдарга арналат.

Тренингдин катышуучуларына ал кайрылып, илгери анын апасы айылга чыгаарда үйдүн эшигин таш менен жөлөп коерун айтып, үйгө тоок кирип кетпесин же мышык сүттү ичип кетпесин деп эки нерседен гана кооптонушканын баса белгиледи.

  • Азыр айылга барсам асман тиреген дубалдар, короосуна кирсең терезелери тор. Кимден коркуп, кимден коргонуп жатышат? Айылда туугандары жашайт, жакын кошуналары. Балдар илгеркидей бири-бири менен достошпой калышты. Мына ушул өксүктү толтурууда «Досторум конокко чакырат» (кыргыз тилинде) – таанып-билүү китеби, анда башкы каарман – Бекжан деген бала, ал окурмандарды өзүнүн досторуна мейманга чакырат. Китептин бөлүмдөрү Кыргызстанда жашаган этностордун тарыхында болгон кызыктуу фактылар, маданий мурасынын эстеликтери, салттуу костюмдары, музыкасы, оюндары жөнүндө айтып берет. Балдар ар бир тилде бир нече сөздү жаттап, ошондой эле кызыктуу тапшырмаларды аткара алат. «Балдарга базарлык» (кыргыз тилинде) – балдар жана алардын ата-энелери үчүн китеп, ал эң маанилүү дүйнөлүк тарыхый окуялар жана ар кандай доорлордогу улуу адамдар жөнүндө жөнөкөй жана жалпак тил менен баяндайт.  «Менин атам Дэн Сяопин» (кыргыз тилинде) – Кытайдын тарыхындагы улуу адамдын өмүрү жөнүндө китеп. “Махатма Ганди” (кыргыз тилинде) – Индиянын улуттук боштондук кыймылынын лидерлеринин бири – Мохандас Карамчанд Ганди жөнүндө кызыктуу китеп. Гандинин идеялары Индиянын көп миллиондогон калкынын аң-сезимин өзгөртүп, улуттук өзүн-өзү аңдап-түшүнүүсүнүн өсүшүнө, конфессиялар аралык жана касталар аралык диалогго, өлкөнүн тынч өнүгүшүнө карай бурулуш болуп калган. «Үч жаштан кийин кеч» (кыргыз тилинде) – балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү чөйрөсүндө япон новатору, «Сони» корпорациясын негиздөөчүлөрдүн бири Масару Ибуканын китеби. Мына ушуларды алып окусаңыздар болот, — деди Догдуркүл Шаршеевна.
  • “КӨЧМӨ ӨНҮГҮҮ БОРБОРУ”– АТА-ЭНЕЛЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ же Наристелердин эрте өнүүгүсү мамлекеттин туруктуу  келечегин аныктайт

Андан соң  сөз кезеги  Роза Отунбаевага келди. Ал жаңы конуштун тургундары китеп сатып алып, балдарына окуп берерине ишеним артып жатканын билдирди.

—  Биздин проектибиз элге керектүү деп ойлоп жатам. Мугалимдерге, врачтарга, волонтерлорго таазим этем. Мен жалгыз бул долбоорду көтөрө албайт элем, баарыбыз бир кишидей иштеп жатабыз. 2011-жылы президентиктен кеткенде Кыргызстанды саясатчылар өзгөртө албайт экенине көзүм жетти, өнүгүү үчүн балдардан башташыбыз керек дедим. Алган билимибизди балдарга беришибиз керек. Бул дүйнөлүк тренд. Үч жаштан кийин кеч экен. Канчалык ата-эне балага эрте таалим-тарбия берсе, чоңойгондо ал бала абдан күчтүү болуп өсөт. Биз ар кандай проектилерди ишке ашырып жатабыз. Мисалы, Жайлоо бала бакчасы бар. Быйыл жайында 100 бала бакча ачтык, анда  3000 бала тарбия алышты. Келе жаткан муундарыбыз өтө сабаттуу болуш керек. Кошуна Кытай мамлекети 2020-жылы күчтүү бакубаттуу өлкө болууга, 2050-жылы супер держава боло турган пландары бар экен. Биз кантип өсүп-өнүгөбүз?  Адам ресурсу аркылуу гана өнүгө алабыз. Ошондуктан бизден көп нерсе көз каранды, — деди экс-президент.

“КӨЧМӨ ӨНҮГҮҮ БОРБОРУ”– АТА-ЭНЕЛЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ же Наристелердин эрте өнүүгүсү мамлекеттин туруктуу  келечегин аныктайт

Жогорку Кеңештин депутаты, социалдык комитеттин мүчөсү Наталья Никитенко таптаза кыргызча сүйлөп, келгендерди таң калтырды. Фонд мектеп, ата-эне менен бирдикте чоң иш алып барып жатканын кубануу менен кабыл алганын баса белгиледи.

Мектептин фоесинде болсо 30-40 кичинекей бөбөктөр И.Арабаев атындагы КМУнун 3-курсунун студенттери менен тегеренип ырдашып, өз колдору менен ар кандай жаныбарларды жасаганды үйрөнүп жатышты.

  • Биз бешинчи жолу Дордойго келдик. Бала бакчага барбаган балдарды мектеп аркылуу чакыртабыз. Эки сааттын ичинде кагаздан түлкү, ит жасаганды үйрөтөбүз, кызыктуу жомокту куурчактар аркылуу балдарга жеткиребиз. Мисалы, санитария жана гигиена деген темада балдарга самын менен дос болуу керектигин түшүндүрсөк, башка темаларда деле практика жүзүндө көрсөтөбүз, — дейт волонтер-студент Чынаалы кызы Фатима.

Ошентип Көчмө өнүгүү борбору бир келүү менен гана чектелбестен, бир айда 3-5 жолу келип, кызыктуу темаларга тренингдер өтүлүп тураарын ата-энелерге дагы бир ирээт кулактандырылды. Иш-чаранын аягында фонддун атынан мектептин китепканасына баалуу китептер белекке тапшырылды.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Бөлүшүү

Комментарийлер