«ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУК: СЕН, МЕН, КООМ, БИЗ ЭМНЕ КЫЛА АЛАБЫЗ?»
- 16.06.2020
- 0
Ушундай аталыштагы вебинар бүгүн Онлайн Университети платформасынын Балдар жана ата-эне лабораториясы тарабынан саат 17:00до «Зомбулукка жол бербейли!» аттуу кампаниясынын алкагында өтөт.
Вебинардын спикерлери Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова, психолог Айгүл Аликанова, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин педагогика кафедрасынын ага окутуучусу, илимдин доктору Кадиян Бообекова, Онлайн Университеттин демилгечи тобунун мүчөсү, PhD, медиа эксперт Элира Турдубаева.
Онлайн Университетинин башкы максаттарынын бири – жарандык билим берүү жана коомдук талкуулар аркылуу үй-бүлө ичиндеги жана жалпы коомдогу зомбулуктун бардык түрүнө каршы туруу жана күрөшүү.
Бул максатта Онлайн Университети платформасы Балдар жана ата-эне лабораториясын түзгөн. Учурда бул лаборатория үй-бүлө, балдар жана аялдар маселесин колго алып, бир катар вебинарларын, талкууларын уюштуруп келет.
Вебинардын шилтемеси:
https://zoom.us/j/99096809447?pwd=emM3anpKNjlLOXJWRUxFRS9HVTdXdz09
Конференциянын идентификатору: 990 9680 9447
Паролу: 314908
Онлайн Университети коомду кандай болбосун зордук-зомбулукка каршы турууга чакырат.
Комментарийлер