ИСПАНИЯДАГЫ AIPSтин КОНГРЕССИ

  • 06.05.2024
  • 0

ИСПАНИЯДАГЫ AIPSтин  КОНГРЕССИ28-апрелден 2-майга Испанияда  Эл аралык спорт журналисттер ассоциациянын (АIPS)  100 жылдык мааракелик Конгресси болду. Конгресс Барселона шаарынан 70 чакырым аралыктагы Санта-Сусанна шаарында өтүп, ага 100дөн ашуун өлкөнүн делегаттары катышты. 

Бул ассоциация 1924-жылы 2-июлда Парижде уюшулган. Кыргыз Республикасынын  спорт журналисттер федерациясы 1995-жылдан бери бул уюмга мүчө болуп саналат.

Конгрессте  Париж олимпиадасынын бетачары болуп, журналисттер кандай шартта иштээрин Басма сөз борборунун  өкүлү баяндап берди.  Европа футбол Кубогу, Лигасынын, Студенттердик Дүйнөлүк Универсиада уюмунун, Эл аралык Олимпиада комитетинин  мурдакы башкы директору, швейцапиялык Франсуа Каррар  тууралуу эскерүү китептин бетачаарларына күбө болдук. Атайын олимпиада, жасалма интеллек, Спорт журналистикадагы гендердик маселелер да талкууланды.

Ошондой эле Украина, Палестина өлкөлөрүндөгү кыйын кырдаалда иштеп жатып каза болгон журналисттер, талкаланып жарактан чыккан спорт имараттары, стадиондор тууралуу дагы баяндамалар болуп, Конгресстин делегаттары согуштук жаңжалдарды токтотуу, тынчтыкка, ынтымакка чакырган резолюция кабыл алышты. Украинада эле 3 спорт журналист согушта каза болуп, 500 спорт имараты талкаланып, 100дөн ашуун спорт комплекси жараксыз болуп калганы айтылды. Палестинадагы абал дагы журналисттердин зээнин кейитти.

Олимпиада оюндарынын 100 жылдык тарыхын чагылдырган  дүйнө жүзүнүн 100 жаш журналисттин эмгектери көрсөтүлүп, мыктылары тандалды. Ошондой эле 140 өлкөдөн 1887 спорт журналистти катышкан “AIPS Sport Media Awards” конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, журналистиканын түрдүү жанрларына ылайык 10 мыкты журналистке  Кубок жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. “Спорттогу жашоо”, “Иликтөө репортажы”, фотобаяндар, даректүү тасма, мыкты репортаж, мыкты баяндама, мыкты очерк жана башка тематикалар боюнча мыктыларга 8 миң доллардан 2 миң долларга чейин акчалай сыйлыктары ыйгарылды. 10 мыкты жаш журналистке Эл аралык ири мелдештерге бекер катышууга жолдомолор берилди. Гендердик темадагы макаласы үчүн кыргызстандык Айгерим Коңурбаева Атайын Диплом менен сыйланды. Санартип Диплом катары уюштуруучулар өздөрү Бишкекке Айгеримге жөнөтүп жиберээрин мага айтышты.

1-май күнү Азия спорт журналисттер уюмунун жыйыны болуп, бул континенттеги иш-аракеттер тууралуу баяндамалар угулду. Азиялык уюмдун кезектеги Когресси 2024-жылдын 11-14-сентябрында Непал өлкөсүнүн борбору Катмандуда болоору маалымдалды. Ошондой эле 2026-жылы 19-сентябрдан 4-октябрга чейин Жапонияда өтө турган Азия оюндарынын уюштуруу комитетинин бетачаары болду.  Түштүк Кореянын спорт журналисттер федерациясы палестиналык журналисттерге ноутбук белек кылды. Азиядагы спорт журналистикасынын көйгөйлөр, келечек иш-чаралары талкууга алдынды.

ИСПАНИЯДАГЫ AIPSтин  КОНГРЕССИАтайын Олимпиада: Киранын каармандыгы

 Улуу Британиялык велоспортчу, эл аралык турнирдин жеңүүчүсү Кира Байланд Конгресстин катышуучуларынын көңүлүн өзгөчө бурду. Ал мүмкүнчүлүгү чектелгендердин спорттук жетишкендиктерин чагылдырып, аларды спорт менен машыгууга шыктандырганы үчүн журналисттерге ыраазычылыгын билдирди.

— Спорт менен машыгуу өзүмө болгон ишенимди жаратты, лидер болууга үйрөттү, акыл эси начар өнүгүп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга,жаштарга стимул болуп, өз аракетим менен урмат-сыйга ээ болдум. Себеби, мектепте мени шылдыңдашып, кемсинткен учурлар болгон. Мени “макоо, акыл эси жок, келесоо” дешчү. Мага күлүшүп, мени алар чөйрөсүнө кошпой, келекелеп, кордогон учурлар көп болгон. Мен алардан башкача элем, өзүм менен өзүм болуп, абдан капа болуп, чүнчүп кеткем. Спорт менен машыгуу гана мен үчүн башкача дүйнөнүн керемети болду. 2014-жылы Атайын Олимпиада менен таанышып, велоспорт жана сууда сүзүү менин жашоомду өзгөрттү. Спорт мени сактап калды. Мен көп мелдештерге катышып, жеңүүчү болуп, өзүмдөй адамдарга үлгү болдум. Сиздер дагы Атайын Олимпиаданы кеңири чагылдырып, мүмкүнчүлүгү чектелген мендей жаштарга 170 өлкөнүн өкүлдөр катышкан Атайын Олимпиаданы дагы кенен жазып, биздин жетишкендиктерди үлгү кыла бериңиздер. Себеби, дүйнө жүзүндө 200 миллион адам акыл эсинен жабыр тартып, ден соолугунун айынан чүнчүп жүрүшөт. Алар үчүн спорттун Атайын Олимпиаданын эшигин ачып, жардам бериңиздер, — деди Кира Байланд. Конгрессте мени өзгөчө таасирленткен анын сөзү, жетишкен ийгиликтери болду.

Ошондой эле Атайын Олимпиаданын басма сөз кызматынын жетекчиси Фиона Хайнс да бул тармакты кеңири чагылдырган журналисттерге да атайын сыйлыктар ыйгарыларын айтты.

Кира Байландга AIPSтин президенти Жанни Мерло кучактап, каармандыгы үчүн сыйлык тапшырылды.

ИСПАНИЯДАГЫ AIPSтин  КОНГРЕССИСпортто кысымга алууга жол берилбейт

ЮНЕСКОнун спорт бөлүмүнүн башчысы Филипп Мюллер Вирт Конгресттин катышуучулары менен ZOOM аркылуу байланышты.

— Ар бир адамдын дене тарбия менен машыгууга мүмкүнчүлүгү бар жана спортто кысымга алууга жол берилбейт. Ошондуктан ЮНЕСКОнун “Жашоого жөндөмдүү” программасы Ковид-19 учурунда абдан актуалдуу болуп, ден соолук баарынан кымбат экенин туюндурду. AIPS, спорт журналисттери биздин демилгелерди ар дайым колдоого алып келатат. Былтыркы жылы министрлердин жана жооптуу кызматкерлердин эл аралык конференциясын өткөрдүк. Быйыл Париж шаарында өтө турган Олимпиада оюндарында жана Паралимпиадада гендердик теңчиликти сактоо, жаштарга басым жасоо, дене тарбиянын сапатын жакшыртуу жана расизмге каршы күрөшүүгө олуттуу көңүл буруп жатабыз. Олимпиада учурунда Париждеги ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында AIPSтин 100 жылдык мааракесин да өткөрүп белгилейбиз, 10дон ашуун Олимпиада оюндарын чагылдырган журналисттерди ЭОКтун президенти Томас Бах менен бирге куттуктайбыз. Олимпиаданын алдында 23-24-июлда  спорттук конференция уюштурабыз, Паралимпиаданын алдында 27-28-августта да конференция болот,-деди Филипп Мюллер Вирт.

Жасалма интеллект коркунучтуу эмес

— Биз мурда баары мыкты болгон деп ойлогонубуз менен, мыкты деген сөз келечек менен байланыштуу, — дейт AIPS президенти Жанни Мерло. “Жасалма интеллект —  анын таасири, кошулушу” деген талкууга спорттук ири басылма, гезит журналдардын башкы редакторлору катышкан талкуу кызуу өттү.

Ага: “Marca” басылмасынын башкы редактору Хуан Нгнасио Галлардо, “Mundo Deportivo” медиа борборунун директору Санти Нолла, “L Equipe Mariagrazia” медиа борборунун директору Монель Дангума жана ЮНЕСКОнун атайын жана гуманитардык илимдер бөлүмүнүн башчысы Сквиччарини катышты.

Жасалма интеллект заман талабы экенин, андан коркпой, туура пайдалануу керектигин, ал өз алдынча эч нерсе кыла албастыгын, ага туура суроо берип, керектүү маалыматтарды алуунун журналисттер өздөрү билүү керектиги айтылды.

Ошондой эле жасалма интеллектти инструмент катары гана карап, маалыматты туура жайылтууга колдонуу керектигин да белгиленди. Калп, жалган маалыматтарды жайылтууга жасалга иштелектти пайдалануу да кооптуу болоору эскертилди.

— Айрыкча калп, жалган менен чындыкты айырмалай албаган адамдар үчүн жасалма интеллект коркунуч жаратышы мүмкүн, себеби мындан 100дөгөн жылдар мурда деле жалган маалыматтар болуп келген, азыр дагы боло берет. Бирок ал үчүн окуяны талдоого алгандай деңгээл журналисттерде болушу керек, — деди Нолла.

Жасалма интеллекти колдонуу менен журналисттер мындан да мыкты, жидердүү иштөөгө болоору айтылды. Аны башкарууга болоору, ал “кара жашик” эмес экени, ченем чекитин билүүнүн зарылдыгы, мындан коркуунун кереги жоктугу да белгиленди.

-Жасалма интеллект жаш баладай, аны кандай чоңойтуп алуу менен кандай пайдаланууну билүү керек. Жаңы төрөлгөн баланы жакшы же жаман деп айтылбагандай, жасалма интеллекттин алгачкы кадамдарына эле баа берүү эрте,-деди Монель Дангума.

ИСПАНИЯДАГЫ AIPSтин  КОНГРЕССИДоордун мыкты спортчулары аныкталды

AIPSтин Конгрессинде кылымдын эң мыкты спортчулары аныкталды. Америка теннисинин легендасы Серена Уильямс менен америкалык боксчу Мохаммед Али кылымдын эң мыкты спортчулары деп аталды. 90 мамлекеттин 101 спорт журналисти ушундай пикирлерин билдирди. Ар бир өлкөнүн делегациясы сахнага чыгып, өз пикирлерин айтты.

Мен дагы Кыргызстандан барган расмий делегат катары сахнага чыгып, доордун мыкты спортчусу катары ачык добушумду олимпиада чемпиондору, ямайкалык жөө күлүк Усейин Болт менен айымдардан румыниялык гимнаст Надя Комэнечке бердим. Себеби мен ямайкалык жөө күлүк Усейин Болттун 2012-жылы Лондон жана 2016-жылы Рио-де-Жанейро олимпиадалык оюндарында 8 алтын медаль утуп алганына өзүм күбө болгон элем.  Ошондой эле дүйнө чемпионаттарда Усейин Болт 11 алтын, 2 күмүш, 1 коло байгелүү  болгон.

Ал эми айымдардан румыниялык гимнаст Надя Комэнеч  1976-жылы Монреаль жана  1980-жылы Москва олимпиада оюндарынын каарманы, эң мыкты спортчусу аталып, 5 алтын, 3 күмүш жана коло медаль тагынган. Эки ирет дүйнө чемпиону аталган.

Экинчи орунда бразилиялык футболчу Энсон Арантесду Насименту (атактуу Пеле), үчүнчү орун ямайкалык жөө күлүк Усейин Болт турду. Айымдардан 2-орун румыниялык гимнаст Надя Комэнечи, марокколук Наваль Эль үчүнчү орунду ээледи.

Кабыл Макешов,

КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер