ИНТЕРНЕТТЕГИ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ БИЛИМ БЕРҮҮ БУЛАКТАРЫ

  • 17.12.2017
  • 0
.

Авторлор (солдон-оңго): т.и.кандидаты Жумабаева Чынара, Барыктабасов Касым, Майтыков Тилек, Турдакунов Кылычбек, Болушбек уулу Аким, проф. Бримкулов Улан Нургазиевич, илимий жетекчи. (отурат)

Аннотация

Убакыттын өтүшү менен биргеликте илимдин ар кыл тармагында өнүгүүлөр орун алууда. Илимий техника, архитектура, машина куруу, мал-чарбачылык, өнөр жай керек болсо адамдардын көз караштары дагы өзгөрүп жаткан учур. Илимдин өнүгүшү, жаңы ойлоп табуулар, маалыматтын көбөйүшү жана башка көптөгөн факторлор билим берүүдө дагы өзгөртүүлөрдүн болушуна талап коюуда.

Ушунча көп маалыматты окуучуларга, студенттерге жеткирүү үчүн орто билим берүүчү мектептер жана жогорку окуу жайлар билим берүүдө жаңы тармактарды изилдөөсү абзел. Жогоруда айтылган тармактардын бирөөсү жана маанилүүсү болуп интернет булактар эсептелет.

Бул макалада кыргыз тилинде болуп орто жана жогорку окуу жайларында мугалимге жана окуучуга билим берүүдө жана билим алууда жардамчы боло турган кыргыз тилиндеги интернет булактарды, тагыраак айтканда веб баракчаларын изилдеп чыгабыз.

Билим берүүдө бул маалыматтардын канчалык деңгээлде жардамчы болоорун карап жыйынтык алабыз.

Ачкыч сөздөр

Интернет, сайт, веб баракча, kyrnet — кырнет, хост, домен, окуучу, интернет булак, электрондук сөздүк, электрондук китепкана, ачык билим берүү ресурс, тестирлөө систем

Кириш сөз

Билим берүүдө болобу же башка тармакта болобу интернет булактары биздин жашообузда белгилүү бир орунду ээледи. Албетте интернет тармагы биздин тоолуу мамлекетибиздин бардык аймактарында толугу менен ишке киргизиле элек. Бирок бул убакытка гана байланыштуу маселеге айланып калды окшойт.

Дүйнөлүк банктын 2013-жылкы статистикасына караганда Кыргызстандын калкынын 23.4% пайызы интернет колдонууга мүмкүнчүлүгү бар [http://data.worldbank.org/country/kyrgyz-republic] . Ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2015-жылдын январь айында берген маалыматы боюнча биздин өлкөдө интернет колдонуучулардын саны  4 млн 173,7 миңге жеткен [www.stat.kg].

Бул колдонуучулардын белгилүү бир бөлүгүн чоң класстарда окуган мектеп окуучулары жана студенттер түзөөрүн белгилей кетсек жаңылбайбыз. Жаңы технологияларды оңой жана ылдам өздөштүрө турган калктын катмары дагы студенттер жана мектеп окуучулары болуп эсептелинет. Интернет булактарынын көптүгү ашыкча жана так эмес маалыматтардын көбөйүшүнө алып келди. Мисал катары http://www.internetlivestats.com порталынын маалыматы боюнча азыркы күндө интернетте катталган веб баракчалардын саны 1 029 857 215 даанага жетти жана бул сан ар бир секунд сайын көбөйүүдө. Биз бул макалада ушунчалык көптөгөн веб сайттарда берилген маалыматтардын арасынан окуучуларга, студенттерге, мугалимдерге деги эле билим берүү тармагына тийешеси бар болгондор үчүн пайдалуу боло турган кыргыз тилиндеги интернет булактарын анализдеп изилдейбиз.

KyrNET – Кыргызстандын интернет тармагы

Дүйнөлүк интернет желесинде Кыргыз Республикасынын официалдуу 1-баскычтагы домен аты «kg» эсептелинет. Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук Чалгындоо Башкармалыгы (CIA) тарабынан 2012-жылы жүргүзүлгөн изилдөө боюнча мамлекетибизде 115573 хост (хост — белгилүү бир веб сайт үчүн атайын берилген орун) катталган [https://www.cia.gov/library/publications/the-world-factbook/rankorder/2184rank.html]. Алардын арасынан Кыргызстан веб баракчаларына статистика жүргүзүп туруучу http://net.kg сайтына 1518 веб баракча катталса, алардын ичинен “Илим жана билим берүү” категориясында 91 гана веб баракча бар. Албетте тилекке каршы бул веб баракчалардын көбү кыргыз тилинде эмес, кыргыз тилинде болгон веб баракчасы болсо дагы маалыматтар толук эмес. Башка тарабынан карасак бул веб баракчалардын олуттуу басымы билим берүү тармагында иш алып барган бала бакчалар, билим берүү борборлору, мектеп, университет, колледж же болбосо жогоруда айтылган мекемелер жөнүндө жалпы маалымат берүүчү гана веб баракчалар болуп эсептелинет. Алардын арасынан окуучу, студент жана мугалимдер үчүн окуу куралы же кызыктуу, стандарттуу эмес окутуучу модулдарды камтыган веб баракчаларды изилдеп чыгып 50гө чукул сайтты бөлүп алдык.

Билим берүүчү интернет булактар

1. Электрондук сөздүктөр. Кыргыз тилинен башка тилдерге которуучу электрондук сөздүктөрдүн басымдуу бөлүгүн орус тилине же орус тилинен которгон сөздүктөр түзөт. Бул сөздүктөрдүн арасынан эң көп колдонулгандары:
  • https://translate.google.com/ Google компаниясынын дүйнө жүзүндө көп колдонулган, арбын ар түрдүү тилдерди камтыган онлайн электрондук сөздүгү. Азыркы учурда 103 тилди камтыйт. Алардын ичине кыргыз тили үстүбүздөгү жылдын 18-февраль күнү киргизилген.
  • http://el-sozduk.kg “Биздин Мурас” коомдук фонду тарабынан иштелип чыгып, азыркыга чейин оңдолуп түзөлтүлүп, жаңы сөздөр жана сөздүктөр кошулуп келе жаткан электрондук сөздүк. Азыркы учурда система 36 сөздүктү жана бардыгы болуп 382 503 сөздү камтыйт. Өзгөчөлүгү болуп сөздөргө орфологиялык жана морфологиялык талдоо жүргүзүп берет. Андан сырткары эң көп колдонулган сөздөрдүн тизмеси, сөздөрдүн айтылышы, диалогдор бар.
  • https://translate.yandex.ru/translate “Яндекс” компаниясы тарабынан даярдалган сөздүк. Бул сөздүк кыргыз тилиндеги тексттерди жана сайттарды дагы которо алат.
  • http://tili.kg/dict/ “Сорос-Кыргызстан” фонду тарабынан каржыланып ишке киргизилген электрондук сөздүк. 9 сөздүктү камтыйт. Башка электрондук сөздүктөрдөн артыкчылыгы жана айырмасы болуп “Глоссарий” категориясынын болушу. Бул категорияда сөз ага кандайдыр бир тийешеси бар жана ал сөздү түшүндүрчү сүрөтү менен чогуу жана кыскача сөздүн аныктамасы менен бирге көрсөтүлгөн. Баракчадан кыргыз тили боюнча электрондук китептердин, аудио китептердин түрмөгүн да табасыз. Орусча сүйлөгөндөр үчүн кыргызча алгачкы 200 сөз аттуу категория жасалган. Өзүнө аудио, сүрөт жана кызыктуу анимацияларды камтыйт.

2. Электрондук китепканалар. Кыргыз тилинде жарык көргөн китептердин электрондук варианттарын төмөнкү электрондук китепканалардан табууга болот:

  • http://lib.kg “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Маалымат эркиндиги” программасы тарабынан каржыланып түзүлгөн. Проекттин үстүндө Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкана, ачык китепканалар ассоциациясы жана “Сорос-Кыргызстан” фонду биргеликте иштешкен. Бул китепканадан мектеп окуу куралдарын, китепканалардын архивинен сейрек кездешүүчү китептерди, диссертацияларды таап жана ал материалдардын электрондук түрүн жүктөп алууга болот.
  • http://literatura.kg/ “Кыргызстандын жаңы адабияты” интернет ресурсунун автору жана координатору Олег Бондаренко. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки жаңы авторлордун калеминен жаралган чыгармалардын топтомун камтыйт. Жалпысынан 519 автордун 2124 чыгармасы жарыяланган.
  • http://www.bizdin.kg/ky/ “Биздин Мурас” коомдук фонду тарабынан 2009-жылдын сентябрь айында иштелип чыккан. Белгилүү чыгармаларды электрондук түргө өткөрүү иштерин жүргүзүү менен биргеликте ал китептерди баракчасына жайгаштырып келет. Кыргыз элине кашкадай таандык акын жазуучуларыбыздын чыгармаларын жана эпосторду окууга мүмкүнчүлүк берет.
  • https://ky.wikipedia.org/ “Кыргыз Уикипедиясы” — интернет колдонуучулар тарабынан толтурулуп, оңдолуп келе жаткан ачык коддуу систем. Азыркы учурда бул жакта кыргыз тилинде 55312 макала тарых, маданият жана өнөр, философия жана дин, илим, технология, уюмдар, спорт жана география сыяктуу негизги категорияларга бөлүнгөн.

3. Ачык билим берүү ресурстары. Буларга заманбап методдорду колдонуу менен веб баракчасы аркылуу мектеп окуучуларга же студенттерге билим берүүчү ресурстар кирет. Жаңы методдор бул аудио китептер, видео материалдар, ар-кыл түрдөгү тесттер, практикалык сабактар болушу мүмкүн.

  • http://www.bilimkeni.kg/ 2010-2012 жылдары АКШ мамлекеттик департаментинин тапшырыгы боюнча АЙРЕКС уюму тарабынан түзүлгөн. 2012-жылдын ноябрь айынан баштап “Steps to Success” бейөкмөт уюумуна таандык. Билимкени Академиясында кыргыз тилиндеги 700дөн ашык видеосабак жана башка ресурстар камтылган. Мектеп программасынын 12 предмети боюнча даярдалган видео сабактарды камтыйт. Алар: алгебра, геометрия, химия, биология, физика, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, астрономия, тарых, география жана экономика предметтери.
  • http://kyrgyztil.taalimforum.kg «Таалим-Форум» коомдук фонду 2006-жылдын май айында, мугалимдердин демилгеси менен түзүлгөн. Фонд билим берүүдөгү новатордук методдорду чет элдик жана аймактык мекемелер менен биргеликте семинарларды, форумдарды, тегерек столдорду, жолугушууларды, көргөзмөлөрдү өткөрүү аркылуу жайылтууну ишке ашырат. Чет элдик жарандар, мектеп окуучулары (1-класстан, 8-класска чейин) деги эле кыргыз тилин үйрөнгүсү келгендер үчүн абдан ыңгайлуу сайт. Ар бир класс үчүн өзүнчө китеп жана ал китепте категориялар, категорияда темалар камтылган. Темалар интерактивдүү диалог, сүрөттөр, видеолор, тексттер, тесттер, боштуктарды толтуруу, туура/ката табуу, кроссворд, уңгу мүчөлөрдү ордуна коюу сыяктуу модулдарды камтыйт. Окулган китептер темалар боюнча статистика жүргүзүлөт.
  • https://www.codecademy.com/ky-KG/ “Дүйнө жүзүнө код жазууну үйрөтүү” – аттуу ураан алдында иштеген бул билим берүү компаниясы Нью-Йорк шаарында жайгашкан. Алар өзүлөрү жөнүндө төмөндөгүлөрдү жазышат: “Биз эң мыкты үйрөнүү тажрыйбасын куруу менен алектенип, Codecademy’ни биздин тайпабыз үчүн эң жакшы үйрөнүү жана үйрөтүү жайына айландырып, келечектин онлайн үйрөнүү тажрыйбасын түзүүгө умтулабыз”. Билим берүүдө тармагы — программалоо тилдери болуп эсептелинет. Мектеп окуучулары, студенттер жана профессионалдар үчүн деги эле код жазууну үйрөнгүсү келген ар-бир адам үчүн ыңгайлуу систем, программалоодо колдонулуучу HTML жана CSS, JavaScript, jQuery, PHP, Python, Ruby тилдери жөнүндө кыргыз тилинде кенен материалдарга бай курстарды камтыйт. Курстар кичине теория тапшырма жана ал тапшырманы аткара турган интерактивдүү терезелери менен окуп жаткан адамды зериктирбейт жана колдонууда абдан ыңгайлуу. Билим берүүдө практикасын көп жана кызыктуу кылуу менен өзгөчө методдорду колдонот.
  • Тестирлөө системдери. Ар кандай билим берүү мекемелерине кирүү үчүн, жумушка орношуу үчүн, билимдин ар кыл тармагында билим деңгээлин билиш үчүн деги эле өзүн сынаш үчүн ар-түрдүү тесттерди тапшырабыз. Кыргыз тилинде тестирлөө системдеринен мисалдарды көрөлү.
  • http://www.testing.kg/kg/ Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) сынагына даярдануу үчүн же болбосо өз билимибизди текшерүү үчүн жасалган интернет булак. АКШнын эл аралык өнүгүү агенствосу (USAID) тарабынан каржыланып даярдалган бул систем ЖРТдө берилүүчү 9 категория 360 тестти ичине камтыйт. Ар бир категорияга тийешелүү тест топтому жана ал тесттерди тапшырууга кеткен убакыт берилген. Мисал катары “Окуу жана түшүнүү” категориясында 30 тапшырма берилген, чектелген убактысы болсо 60 минута. Тестти тапшыргандан соң туура жана туура эмес белгиленген тапшырмалардын тизмеси менен тааныша аласыз.
  • http://pdd.kg/online-test/ Сизди жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча сынакка ала турган веб сайт. Тестти орус тилинде же кыргыз тилинде тапшырууга мүмкүн. 10 тест тапшырасыз жыйынтыгында кайсы тесттерди туура же туура эмес аткаргандыгыңыз жөнүндө маалымат ала аласыз.

4. Билим берүүгө тиешелүү башка системдер жөнүндө кыскача маалымат.

  • http://oel.bik.org.kg/ “Афтореферат жана диссертациялардын корпоративдик жайы (репозиторий)” (КРАД) аттуу проекттин веб баракчасы. Бул жакта орус жана кыргыз тилинде 328 автореферат, 7 диссертация, 13 монография жана 17 статья жайгаштырылган жана базасы толукталууда.
  • https://online.toktom.kg/ — порталынан мамлекетибиздин мыйзамдарын окусак болот. Системдин базасы күндөн күнгө толукталып турат. Ыңгайлуу издөө, филтрлөө модулдары менен камтылган.
  • https://ky.wikibooks.org — бул жактан кыргыз тилинде жарыяланган 45 макаланы таба аласыздар.
  • http://rarebooks.net.kg 2008-жылдын сентябрь айында “Кыргызстандын китепкана-маалымат консорциуму” мамлекеттик 4 башкы китепкананы (Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасы, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Илимий китепканасы жана В. Ленин атындагы Ысык-Көл облустук китепканасы) бириктирип, “Кыргызстандын китеп мурастары – сактоо жана элге жайылтуу” проектин ишке киргизген. Проекттин негизинде 50 миңден ашык китеп тандалып алынган, алардын арасынан уникалдуу, баалуу, раритет 120 китептин электрондук варианты жазалып веб баракчага жайгаштырылган.
  • http://www.ted.com/talks?language=ky Кыргыз тилине которулган TED (Technology Entertainment Design; Технология, оюн-зоок, дизайн) презентацияларынын видео версиялары.
  • http://stellarium.org/ky/ Stellarium – акысыз, коду ачык компьютердик планетарий. Бул куралданбаган көз, дүрбү же телескоп менен көргөн сыяктуу, чындыкка негизделген 3D асманды көрсөтөт. Өзгөчөлүктөрү болуп: 600 миңден ашык жылдызды камтыган стандарттуу каталог, 210 миллион жылдызды камтыган кошумча каталогдор, жылдыздык топтолуштар жана топ жылдыздардын сүрөттөрү, тумандуулуктардын сүрөттөрү (Мессьенин толук каталогу), чындыкка негизделген Саманчынын Жолу, чындыкка негизделген атмосфера, күн батуу жана күн чыгуу, планеталар жана алардын жандоочулары эсептелинет.
  • http://kmbhostenko.com/ Сайт кыргыз жаштарынын жана агартуу кызматкерлеринин электрондук баарлашуу аянтчасы болуп, кыргыз тилинде окуган мектеп окуучуларынын жана окуу жайлардын студенттеринин эне тилинде сапаттуу билим алуу, татыктуу кесип тандоо сыяктуу муктаждыктарын канааттандыруу максатын көздөйт.
  • http://www.kyrgyz-audio.com/ Сайтта кыргыз тилиндеги жомоктор, аңгемелер, макал-лакаптар, акылмандардын ой толгоолору менен аудио жана текст форматында таанышууга болот. Кыргыз эл жомокторунун эң жакшы жыйнагы экендигин да айта кетелик.

5. Билим берүүгө тиешеси бар башка веб баракчалардын тизмеси.

Жыйынтык

Билим берүүдө колдонулуучу кыргыз тилиндеги интернет булактарынын саны жылдан жылга өнүгүп, көбөйүп, сапаты жогорулайт деп терең ишенебиз. Себеби, бул учурдун талабы. Жаңы технологиялар студенттердин билимдерин текшерүүгө, сурамжылоого жана эркин баарлашууга, өз алдынчалуулуктарын өркүндөтүүгө, сабактарга болгон кызыгууларын арттырууга өбөлгө болот. Ошондуктан өнүгүүдө артта калбоо үчүн студенттер, окуучулар жана мугалимдер даяр интернет булактарын колдонбостон жогорудагыдай веб баракчалардын санын көбөйтүүгө жана сапатын арттырууга салымын кошушу керек. Пайдалуу кыргызча интернет булактарыбыздын аз болгону дагы билим алуубузга тоскоол болушу мүмкүн. Жогорудагы интернет булактарын колдонуу аркылуу мектептердеги, университеттердеги, бала бакчадагы окуучу, студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу мүмкүн.

Бөлүшүү

Комментарийлер