ИНСАНГА БАГЫТТАЛГАН ДИЗАЙН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ БОЮНЧА ТРЕНИНГ

  • 03.10.2022
  • 0

2021 –2022 окуу жылында “Мектептер2030” программасы, Кыргызстандагы 100 пилоттук мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринде Инсанга багытталган дизайн ой жугүртүү методологиясын колдонуу менен биринчи айлампаны иш жүзүнө ашырды. .

2022 – жылдын 23—28-сентябрында программанын экинчи айлампасын баштоо максатта, Бишкек, Ош, Чүй жана Нарын облустарындагы программага кирген билим берүү мекемелеринин 340 мугалими «Мектептер2030» программасынын алкагында Инсанга багытталган дизайн ой жүгүртүү боюнча тренингге катышышты.

Тренингдин жүрүшүндө мугалимдер балдарда жана жаштарда билимди, көндүмдөрдү, дүйнө таанымды жана баалуулуктарды калыптандырууда мыкты билим берүү тажрыйбаларын жана чечимдерин өз алдынча аныктоого жардам бере турган инсанга багытталган дизайн куралдары менен таанышты.

Тренингдин максаты – долбоордук ишти так алып кетүү үчүн, дизайн-командаларга конкреттүү көйгөйдү аныктоого жана кызыкдар тараптардын катышуусунда изилдөө жүргүзүүгө багыт берүү.

Долбоор тууралуу кыскача маалымат

“Мектептер2030” — бул инсанга багытталган дизайн ой жүгүртүү методологиясын колдонуу менен балдардын билимин, көндүмдөрүн, дүйнө таанымын жана баалуулуктарын калыптандыруу үчүн билим берүүдөгү алдыңкы тажрыйбаларды изилдөө жана жайылтуу максатында, 10 мамлекеттеги 1000 (ар биринде 100дөн) мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарын камтыган глобалдык 10 жылдык долбоор. Кыргызстанда долбоор Ош, Баткен, Нарын, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын 100 мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринде Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоордун уникалдуулугу анын окуучулардын билим сапатын арттырууда турмуштук практика, окуучулардын лидерлик сапаттарын арттыруу, сынчыл ойломдорун өстүрүү, өз ара кызматташуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багыт берүү болуп саналат.

ИНСАНГА БАГЫТТАЛГАН ДИЗАЙН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ИНСАНГА БАГЫТТАЛГАН ДИЗАЙН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ИНСАНГА БАГЫТТАЛГАН ДИЗАЙН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ИНСАНГА БАГЫТТАЛГАН ДИЗАЙН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ИНСАНГА БАГЫТТАЛГАН ДИЗАЙН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ИНСАНГА БАГЫТТАЛГАН ДИЗАЙН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ БОЮНЧА ТРЕНИНГ

Бөлүшүү

Комментарийлер