ИЛИМ БИЛИМГЕ ЖАНА МАДАНИЯТКА ТООДОЙ САЛЫМ КОШКОН АСЫЛЗАТ ЭЛЕ..

  • 25.04.2024
  • 0

ИЛИМ БИЛИМГЕ ЖАНА МАДАНИЯТКА ТООДОЙ САЛЫМ КОШКОН АСЫЛЗАТ ЭЛЕ..Опаасыз дүйнө деген ушул тура!

Кечээ эле жаркылдап-жайнап жүргөн асылкеч эжебиз Мамбеталиева Гүлмира Сулаймановнанын көзү өткөнүнө бүгүн 7 жыл болду.

Коомдук ишмер, «Дордой» ассоциациясынын вице-президенти, саясый илимдердин доктору, философия илимдеринин кандидаты,, профессор, билим берүүнүн мыктысы, Какен Мамбеталиева атындагы коомдук фонддун төрайымы, демөөрчү Гүлмира Мамбеталиева 25-апрелде  61 жаш курагында дүйнө салган.  Учурда сиздин ишмердигиңиз көз алдыма тартылып, бир гана бажырайган элесиңиз жүрөгүбүздө  сакталып турат.

Адамдын ички маданияты, рухий көрөңгүсү, ал тургай бийик интеллекти, ар-намысы сыяктуу эле тубаса болот. Билим жана илим—ага жардамчы, бийиктиктерге жетүүгө тепкич гана экен. Гүлмира эже -таланттуу, билимдүү, кыраакы, сарамжалдуу өлкөбүзгө таанымал белгилүү журналист, жазуучу Сулайман Мамбеталиевдин  үй-бүлөсүндө чоңоюп, таалим-тарбия алган. “Аккан арыктан суу агат” дегендей  Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы орто мектепти алтын медаль менен бүтүп, Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети)  тарых факультетин дагы кызыл диплом менен аяктаганы бекеринен эмес. Гүлмира эже билим берүү жана илим тармагына опол тоодой салым кошту.

Гүлмира Сулайманова 100дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде беш монографиянын автору.

ИЛИМ БИЛИМГЕ ЖАНА МАДАНИЯТКА ТООДОЙ САЛЫМ КОШКОН АСЫЛЗАТ ЭЛЕ..Илимий ишмердүүлүк менен катар ал «Бал таттуу» балдар фондун негиздеп, кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келген. Бул фонд аркылуу жыл сайын таланттуу балдардын республикалык сынагы уюштурулуп, мыкты окуучулар чет жактан билим алууга жөнөтүлчү.

Гүлмира эже  Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын философия жана укук таануу институтунун аспирантурасын бүтүргөн. Кыргыз мамлекеттик сүрөт өнөр музейинин улук илимий кызматкери, Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун окутуучусу, Кыргыз айыл-чарба институтунун ага окутуучусу болуп иштеген. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын философия жана укук таануу институтунун илимий жана улуу илимий кызматкер болгон. Нарын мамлекеттик университетинин доценти болуп иштеген. 2008–жылдан  бери көзү өткөнгө чейин Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин алдындагы Мамлекеттик Дипломатиялык Академиянын профессору болсо, ага 2016-жылы 24-ноябрда саясат таануу адистиги боюнча “профессор” окумуштуулук наамы ыйгарылган.

Негизги илимий эмгектери эл аралык мамилелердин жана ааламдаштыруунун саясий жана философиялык маселелердин, анын ичинде демократия, адам укуктары жана гендер тармактарындагы саясий процесстерди изилдөөгө багытталган.

ИЛИМ БИЛИМГЕ ЖАНА МАДАНИЯТКА ТООДОЙ САЛЫМ КОШКОН АСЫЛЗАТ ЭЛЕ..100дөн ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде – 5тен ашуун монографиянын жана жогорку окуу жайлар үчүн окуу китептердин автору болгон. Ал жарыялаган эмгектердин ичинде “Глобалдаштыруу контекстиндеги оптималдаштыруунун феномени”, “Улуттар Шериктештиги мүчө-өлкөлөрдүн саясий процесстеринин фактору катары: Азиялык өлчөм”, ошондой эле Индия, Египет, Кувейт, Монголия, Орусия, Казакстан жана башка мамлекеттердин илимий жана саясий журналдарында басылып чыгарылган илимий макалалар бар.

Баса белгилеп айта кетчү жагдай Гүлмира эже калемдеш болгон “Саясат таануу” окуу китеби Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ЖОЖдордун студенттери үчүн “Саясат таануу” предмети боюнча окуу китеби катары сунушталган.

Андан тышкары ал калемдешип жазган “Адам укуктары. Демократия. Бийлик” окуу куралы — оригиналдуу энциклопедиялык сөздүк катары кызмат кылууда.

Гүлмира Сулаймановна  Кыргызстандын гана эмес, бир катар чет өлкөлүк Университеттерде дарс окуган.

Көптөгөн жылдар бою калктын аз камсыз болгон катмарына, кыймыл-аракети чектелген балдар менен энелерге, таланттуу жаштарга, улуттук-прикладдык көркөм өнөргө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына кайрымдуулук жардамын көрсөтүп келген.

“Дордой” ассоциациясынын ушундай деңгээлге жетишине, эл аралык аренада таанылышына да Гүлмира Сулайманованын салымы тоодой.

ИЛИМ БИЛИМГЕ ЖАНА МАДАНИЯТКА ТООДОЙ САЛЫМ КОШКОН АСЫЛЗАТ ЭЛЕ..

2001-жылдан бери Нарын шаарындагы “АS” Көркөм өнөр галереясын жетектеген. Аталган галереяда жергиликтүү кыл калемчилеринен тышкары АКШ, Франция жана Улуу Британиянын көркөм сүрөт чеберлеринин көргөзмөсү уюштурулуп келген.

2002-жылдан бери Гүлмира эже «Бал таттуу» коомдук уюмунун жетекчиси болгон. Таланттуу жаштарга өзгөчө көңүл буруп: анын демилгеси жана меценаттык демөөрчүлүгү менен 25 жылдан бери жыл сайын мектеп окуучулары үчүн жаш таланттардын “Жаш таланттар” облустук жана “Мен – жылдыз” республикалык кароо-сынактары жана фестивалдары өткөрүлүп келген. Бул конкурстун жеңүүчүлөрү, жаш таланттар анын колдоосу менен Австралия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Түркия жана башка өлкөлөрдүн эл аралык чыгармачылык конкурстарына катышууга мүмкүнчүлүк алышып, Гран-при жана башка байгелүү орундарды ээлешкен.

2006-жылдан тартып ал кыргыз айымдарынын ичинен чыккан туңгуч окумуштуу этнограф Какен Мамбеталиева атындагы Эл аралык коомдук фондду түзүп жана жетекчиси катары ырааттуу иштеп келди. Бул фонд Кыргызстандагы жана Борбордук Азия мамлекеттериндеги этномаданий жана этносоциалдык жүрүмдөрдүн көйгөйлөрү, Борбордук Азиядагы көп этностук коомдун маселелери боюнча бир республикалык жана эки эл аралык конференцияларды уюштурган жана алардын материалдарын бир нече китеп кылып жарыялаган.  Аталган фонд таланттуу окумуштуу, педагог Какен Мамбеталиеванын илимий мурасын сактоо, коомдук тармактардагы изилдөөчүлөргө кайрымдуулук колдоо көрсөтүү, тектеш коомдук илимдерге, анын ичинде этнография, антропология, тарых жана башка тармактардын ич ара тыгыз байланышын чыңдоо максаттарында ар тараптуу иштерди аткарып келген.

Ошондой эле жазуучулар Күлбүбү Бектурганованын, Кадырбек Жекшелаев, Сталбек Мукамбетовдун жана атасы белгилүү журналист Сулайман Мамбеталиевдин  бир нече китептеринин жарык көрүшүнө демөөрчү болгон.

Мындан тышкары Кыргызстандын атактуу сүрөтчүлөрүн дагы ар дайым колдоого алып, көргөзмөлөрүн уюштуруп, сүрөттөрүн музейлерге сатып берген.

ИЛИМ БИЛИМГЕ ЖАНА МАДАНИЯТКА ТООДОЙ САЛЫМ КОШКОН АСЫЛЗАТ ЭЛЕ..

Гүлмира эженин эмгеги, коомдук ишмердиги жогору бааланып,  Мустафа Кемал (Ататүрк) Эл аралык илимий жана маданий кайрымдуулук фондунун сыйлыгынын лауреаты — Ардак грамотанын жана алтын медалынын ээси болгон.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин “Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.

Нарын шаары жана Нарын областынын, Нарын жана Ат-Башы райондорунун ардактуу атуулу деген ардак наамдар ыйгарылган.

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган.

“Өлбөстү Кудай, сынбасты уста жасабайт” дешет. Мунун акыйкат сөз, айныбас чындык экенин билип турсак да, өмүрдүн бир чай кайнамчалык кыскалыгына өкүнө беребиз. Бирок, сиздин артыңызда илимий эмгектериңиз, рухий мурастарыңыз, өлкөбүзгө кошкон салымыңыз, изиңиз калды. Сиздин иш-аракеттериңизди уланта турган өмүрлүк жарыңыз, уулдарыңыз, неберелериңиз калды.

Бейитиңз да касиеттүү Фудзияманы эске салган Кой-Таш айылынын бийик адырда  турганы да бекеринен эмес. Себеби, Кош-Ташта сиздин издериңиз гана калбастан, бул жерде заманбап эс алуу жана салматтык сактоочу маданий комплекс да ысымыңызды алып, ар дайым эске салып турат… Төмөндө — айыл, андан нары өзүңүз сүйүп — урматтаган, далай мээнет кылган борбор шаары деңиздей кылкылдап жатат…

Өмүрлүк жарыңыз Аскар Мааткабылович, уулуңуз Улугбек Аскарович ар жыл сайын сиз окуган мектептердин эң мыкты окуучуларына, сиз иштеген бардык Жогорку окуу жайлардын эң мыкты студенттерине профессор Гүлмира Мамбеталиева атындагы стипендияларды ыйгарып, эскерүү кечелерин уюштуруп келатат.

Нарын районунун Эчки-Башы айылында сиздин ысымыңызда эс алуу багы да курулган.

Ошентип, Гүлмира эже жасаган көптөгөн боорукерлик, соопчулук, кайрымдуулук иштер дайыма элибиздин көңүлүндө жашайт.

Бир гана Сиз жоксуз, тирүүлөр көр-тирлик менен алышууда…

Сиздин жаркын элесиңиз ар дайым жүрөгүбүздө сакталуу…

Кабыл Макешов,

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер