СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТ — БИЛИМ БЕРҮҮСҮ ӨНYККӨН 50 ӨЛКӨНYН БИРИ БОЛУУ

  • 22.08.2018
  • 0

17-августта Бишкекте өткөн билим берүү кызматкерлеринин республикалык август кеңешмесинде билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы, мектептердин аккредитациясы, көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү, мектептерди жаңы муундагы китептер менен камсыздоо, мугалимдерди даярдоонун заманбап системасын түзүү, санариптик жана ачык билим берүү ресурстары, мугалимдерди усулдук жактан камсыз кылуу сыяктуу бир катар маселелер билим берүү системасын өнүктүрүүнүн негизги милдети катары каралды. Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева алдыга коюлган бул милдеттерди  ишке ашырууда агартуу тармагынын кызматкерлеринин орду жана ролу чоң экендигин баса белгилеп, алардын алдына бир катар тапшырмаларды койду.

— Учурда Кыргызстандын стратегиялык документтери билим берүү тармагына принципиалдуу узак мөөнөттүү тапшырмаларды коюп жатканда  мындай пикир алышуу биз үчүн абдан зарыл. Бир канча күн мурун талкууланган 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында билим берүү заманбап мамлекеттин өнүгүү базасы катары каралып, биринчи кезекте адамдын өнүгүшү үчүн тийиштүү чөйрөнү түзүп берүүгө, мамлекетибизде жашаган ар бир адамдын мүмкүнчүлүгүн ачып берүүгө жана анын жыргалчылыгын камсыз кылууга багытталган. 2040-жылга чейин алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн азыркы жаштарыбыздын мойнуна оор жана түйшүктүү милдеттер жүктөлүүдө. Себеби эксперттердин маалыматына таянсак, 2030-жылы 800 млн. түртүү иштерди роботтор аткарып калат. Азыр биз окутуп жаткан балдар келечекте ишсиз  калышы мүмкүн. Ошондуктан биз балдарды өзгөчө бир нерсеге үйрөтүшүбүз керек. Сөз баалуулуктар, ишеним, объективдүү ой жүгүртүү, биргелешип иштөө, башкаларга кам көрүү ж.б. жөнүндө болуп жатат. Биз бүгүн мойнубузга кандай жоопкерчилик артылып жатканын жакшылап түшүнүшүбүз керек. Себеби быйыл мектепке барган бала 2040-жылы коомдун активдүү бөлүгүн түзөт.  Ошондуктан жогоруда айтылгандар ар бирибиздин “үй тапшырмабыз” жана келечек жөнүндө ой жүгүртүүгө себеп  болот, — дейт Гулмира Кудайбердиева.

 

Министрлик мектепке чейинки билим берүүнү уюштуруунун жаңы форматтарын издөөдө

СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТ - БИЛИМ БЕРҮҮСҮ ӨНYККӨН 50 ӨЛКӨНYН БИРИ БОЛУУ

Жогоруда аталган Стратегиянын жана Аймактарды өнүктүрүү жөнүндө Президенттин Жарлыгынын алкагында мектепке чейинки жана мектептик билим берүү баскычтары артыкчылыктуу деп аныкталган. Бул бир нече факторлорго байланыштуу. Биринчи – демографиялык. Мамлекетте мектепке чейинки курактагы балдардын саны өсүүдө. Акыркы беш жылда эки жаштан алты жашка чейинки балдардын саны дээрлик 190 миңге көбөйгөн. Экинчиси – социалдык. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү көптөгөн изилдөөлөр баланын эрте өсүшүнө бала бакчага баруу же мектепке даярдоодон өтүү мүмкүнчүлүгү эң натыйжалуу экендигин көрсөтүүдө. Бул баланы социалдаштырууга мүмкүндүк берет жана окууда да, жашоодо да ийгиликке жетүү үчүн абдан маанилүү фундамент болуп саналат.

PISA изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмуна барган окуучунун жетишкендиктери бала бакчага барбаган балага салыштырмалуу орточо эсеп менен 27 пунктка жогору, бул – өнүгүүдө бир жылдык айырма. Акыркы жылдары Өкмөттүн колдоосу жана жергиликтүү бийлик органдарынын биргелешкен аракетинин натыйжасында мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо туруктуу өсүүдө. Министрликтин маалыматы боюнча, мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо 2018-жылы 2017-жылга салыштырмалуу эки пайызга жогорулаган, жалпы 24% түзөт.

Бюджеттин жетишсиздигинен улам министрлик мектепке чейинки билим берүүнү уюштуруунун жаңы форматтарын издөөнүн үстүндө үзгүлтүксүз иштөөдө. Дүйнөдө мектепке чейинки билим берүү системасы эң мыкты деп саналган Швециянын тажрыйбасын өздөштүрүү үчүн министрлик Швециянын Улуттук билим берүү агенттиги менен кызматташып, алардын тажрыйбасын өздөштүрүү үчүн бир катар адистерди иш сапарга жиберген. Былтыр Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен алыскы айылдарда 10 000 баланы камтуу менен үч сааттык кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачылып, алар үчүн 310 тарбиячы окуудан өттү. Бул жылдын ийгиликтүү долбоорлорунун бири болуп саналат. Ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоонун натыйжасында учурда мектеп алдында 7358 баланы камтуу менен 100 бала бакча иш алып барууда. Мектепке даярдоо программасы менен 2017-2018-окуу жылында мектепке чейинки билим берүү уюмуна барбаган 116 миң бала камтылып, 100% түздү.

Өкмөттүн Программасынын алкагында бала бакчаларга электрондук кезек иштелип чыгып, ал Бишкек шаарында киргизилди. Электрондук кезек программасынын негизги максаты – балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмуна кабыл алуу үчүн ачык-айкын жана бирдей шарт түзүүнү камсыз кылуу жана коррупцияны жокко чыгаруу. Бүгүнкү күндө 9079 электрондук арыз келип түшкөн жана “электрондук кезек” аркылуу 1176 бала бала бакчалардан орун алды.

Учурда 1248 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалардын долбоордук кубаттуулугу 138 миң орунду түзөт. Иш жүзүндө аталган бала бакчаларда 178 миң бала тарбияланууда, башкача айтканда, контингенттин чектен ашуусу өлкө боюнча 40596 баланы түзөт.

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик имараттарды башкаруу фонду тарабынан багыты боюнча колдонулбаган имараттардын, анын ичинде бала бакчалардын имараттарын деталдуу инвентаризациялоо иши жүргүзүлүүдө. Министрликтин маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмунун 85 имаратында мамлекеттик органдар жайгаштырылган. Эгерде алар өз багыты боюнча кайрадан ишке берилсе  – 50 миңге жакын баланы бала бакча менен камсыз кылууга болот.

 

Жаңы стандарт, жаңы китеп, мыкты мугалим!

Министрдин айтымында, окутуунун жаңы стандарттарына өтүү – мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо, жаңы окуу китептерин киргизүү боюнча маселелерге байланыштуу татаал процесс. Быйылтан баштап 5-6-класстардын окуучулары жаңы предметтик стандарттар боюнча жаңы окуу программалары жана окуу-методикалык комплекстер менен билим алышат. Жаңы окуу жылында 32 аталыштагы 3 млн. 300 нуска жаңы муундун окуу китептери Кыргызстандын бардык мектептерине жеткирилет. Мындан тышкары министрлик Билим берүү академиясы менен биргеликте Базистик окуу планын түзүүдө принципиалдуу жаңы мамиле иштеп чыкты. Ал бүтүрүүчүгө базалык предметтердин топтому аркылуу талаптарды аныктайт. Ошондуктан чет тилдердин сааттары көбөйүп, 5-класстан баштап информатика сабагы киргизилди. Мамлекеттик тилди окутуу методикасы өзгөртүлүп, табигый-илимий цикл предметтерине көңүл буруу күчөтүлдү.

Гульмира Каримовна билим берүү системасы үчүн жаңы стандарттарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү бир гана зор тажрыйба бербестен, бир нече оңой эмес маселелерди алдыга койгондугун айтып, алардын айрымдарын жакынкы арада чечүү зарылдыгын баса белгиледи. Анын айтымында, эң негизги маселелердин бири — окуучулардын жетишкендиктерин баалоо. Учурда министрликте бул боюнча жумушчу топ иштеп, мектептик билим берүүдө баалоо концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин планын даярдоодо.

 

Билим сапаты боюнча эң мыкты 50 мамлекеттин катарына киребиз

 Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясында 2040-жылы билим берүү жаатында дүйнөнүн эң мыкты 50 мамлекетинин катарына кирүү милдети коюлган. 2024-жылы министрлик PISA изилдөөсүнө кайтып келүүнү пландоодо. Эгерде бул изилдөөгө 2015-жылы 70 мамлекет катышса, 2018-жылы 80 мамлекеттин катышуусу күтүлүүдө. Анда үч багыт: окуп түшүнүү, математикалык жана  табигый-илимий сабаттуулук боюнча сапатты текшерет. 2012-жылдан бери окуучулардын каржылык сабаттуулугу дагы текшериле баштады. 2015-жылдан баштап “жумшак көндүмдөр” деп да текшеришип, анда «маселени биргелешип чыгаруу» деген бөлүм пайда болду. PISA 2018-жылдан баштап ушул жаатта текшерүүнү күчөтүүдө. Биринчи жолу окуучулардын глобалдык компетенттүүлүгү,  башкача айтканда, адамдын мобилдүү болуу жөндөмдүүлүгү, адамдардын кадыр-баркын урматтоо менен башка адамдар менен эркин жана натыйжалуу өз ара байланышы  текшерилди.

Андыктан министр билим берүү мекемелеринин жетекчилери, кызматкерлери менен биргеликте алдыда  өтө көп жумуштарды аткаруу керектигин баса белгилеп, PISAга даярдануу үчүн кескин чаралардын планын иштеп чыгуу тапшырмасын Кыргыз билим берүү академиясына  тапшырды. Биринчи кезекте быйыл 1-класска кире турган балдарды даярдоо керектигин айтты. Себеби дал ушул балдар 2024-жылы изилдөөгө катышышат.

  • План системалуу ыкманын негизинде иштелип чыгышы керек. Максаттуу иш болгондо гана окуучулардын ой жүгүртүүсүн калыптандыра турган, топтордо иштөө жөндөмдүүлүгүн, каржылык, укуктук, технологиялык, маалыматтык сабаттуулугун арттыра турган жаңы милдеттүү предметтер киргизилет. Ал предметтер шахмат, менталдык арифметика болушу мүмкүн. Андан тышкары башка предметтердин бардыгын окутууну жакшыртуу маселесин дагы чечүү зарыл. Квалификацияны жогорулатуу институту болсо өзүнүн ишмердигин аныктап алышы керек. Түзүлгөн пландар министрликтин алдындагы Билим берүүнүн стандарты жана сапаты боюнча координациялык кеңеште каралып, бекитилиши абзел, — дейт министр өз сөзүндө.

 

Санариптик  технологиялар – сапаттын кепилдиги

Билим берүүнү өнүктүрүүнүн маанилүү инструменттеринин бири катары каралган санариптик технологиялар боюнча дагы министрликтин жасап жаткан жана келечекте ишке ашыра турган пландары негизги багыттардын бири катары каралды. Азыркы күндө lib.kg  ачык билим берүү репозиторийде жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү болгон 441 окуу китеби  бар. Бул албетте, абдан чоң жетишкендик. Андан сырткары 1-сентябрдан баштап окутуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн башталгыч мектептерге iBilim жана 5-11-класстар үчүн — Билим Булагы электрондук ресурстар, Кыргызстандын ар бир районунда жана 20 кичи шаарларда электрондук китепканалары иштеп баштайт. Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу менен аталган 60 мектеп жана Азия өнүктүрүү банкы долбоорунун алкагында республиканын 30 мектеби инновациялык мектептердин статусун алуу менен окутуунун жаңы ыкмаларын ишке ашыруу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана маалымат системаларын пайдалануу үчүн эксперименталдык аянтчаларга айланат.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк Банктын долбоорунун алкагында дагы 540 мектеп Интернетти пайдалануу үчүн ноутбук, роутер жана проекторлор менен  камсыздалат. Учурда мектептердин 67% интернетке туташтырылган. Калган мектептер жыл аягына чейин кошулуп бүтөт.

Лицензиялар он-лайн тартибинде алынат   

Азыр министрликте электрондук лицензиялоо боюнча модулдун үстүндө иш жүргүзүлүп жатат. Ал он-лайн тартибинде лицензия алуу үчүн өтүнмөлөр менен кайрылууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле мугалимдердин эмгек акысын автоматтык түрдө эсептөө үчүн «Ачык бюджет” программасы иштелүүдө. “Электрондук кезек” программасынын алкагында 2017-2018-жылы Бишкектеги  бала бакчаларга киргизилген электрондук кезек боюнча маалыматтар башкаруу системасынын бир бөлүгү болуп калды. 2018-2019-жылдын аягында Бишкек шаарындагы мектептерде электрондук кезек киргизилет.

 

Санариптештирүү системалуу түрдө уланат

СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТ - БИЛИМ БЕРҮҮСҮ ӨНYККӨН 50 ӨЛКӨНYН БИРИ БОЛУУ

Билим берүүнү санариптештирүү системалуу түрдө улана тургандыгын баса белгилеген министр 2018-20-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү боюнча Стратегиянын планында “билим берүү чөйрөсүн санариптештирүү”  милдети тургандыгын баса белгиледи. Ал мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу  жана кайра  даярдоону этап менен электрондук форматка которууну камсыздайт. Министрдин айтымында, аны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик тилде ар түрдүү электрондук окутуунун сапаттуу  контентин  иштеп чыгуу зарыл. Мүмкүнчүлүктү толук пайдалануу үчүн мугалимдер өздөрү электрондук чөйрөдө иштөө жөндөмдөрүнө ээ болушу керек. Ошол эле учурда, көптөгөн мугалимдер компьютер менен  иштегенди жакшы билишпейт же такыр иштей албайт. Андыктан мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасында компьютер менен иштөө жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу үчүн модул иштелип чыгат. Мугалимдерди  даярдаган ЖОЖдордун жана IT-адистерди даярдаган кесиптик орто окуу жайлардын жетекчилерине мугалимдердин маалыматтык компьютердик-технология жаатында квалификациясын өркүндөтүү боюнча конкреттүү сунуштарды берүүнү тапшырды. Андан сырткары мектептерди сапаттуу иштей алган мугалимдер менен камсыз кылуу аркылуу гана билим берүүнүн жалпы сапатын жакшырта ала тургандыгыбызды эскерткен министр квалификацияны жогорулатуунун форматын өзгөртүү зарылдыгын баса белгиледи.

 

Аккредитация – билим сапатын жакшыртуучу инструмент

Өткөн окуу жылында биринчи жолу 1936  мектеп аккредитациядан өттү. Анын ичинен 1078 мектеп (же 55,6%) беш жылга жана 858 мектеп (же 44,3%) шарттуу түрдө бир жылга  аккредитацияланды. Шарттуу түрдө аккредитациядан өткөн мектептердин жетекчилери жана  педагогикалык курамы бир жыл ичинде квалификациясын жогорулатуу боюнча иш алып барышып, кайрадан аккредитациядан өтүшөт. Негизи аккредитацияда биринчи кезекте жетекчилерге талаптар коюлат, анткени билим берүү уюмунун деңгээли башкарууга жараша болот.

Бул жылы эксперттердин атайын тобу тарабынан  Кыргызстандын мектептеринде аккредитация натыйжаларына олуттуу талдоо жүргүзүлдү. Андыктан ар бир жетекчи — райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн баштап, мектеп жетекчилерине чейин жана Республикалык  квалификацияны жогорулатуу институтунун адистери бул  аналитикалык  талдоону күн сайын колдонуучу сунуш катары кароого чакырды.

Аккредитация  билим берүүнү башкаруу системасынын, окутууну уюштуруу процессинин күчтүү жана начар жактарын аныктап,  ошондой эле төмөнкүдөй сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн мүмкүндүк берди:

  • мектептерде жыл сайын билим берүүнүн сапаты боюнча структуралык өзүн-өзү баалоону жүргүзүүнү камсыз кылуу;
  • өзүн-өзү баалоо жыйынтыгына ылайык мектептин өнүктүрүү планына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  • билим берүү сапатынын натыйжаларын мектеп деңгээлиндеги маалыматтык системасынын бир бөлүгүнө камтуу;
  • квалификацияны жогорулатуу планына ички сапатын камсыз кылган процедураларды жана куралдарды киргизүү;
  • мектеп жыйынтыктарын жакшыртуу үчүн сапатты башкаруу билим берүү процессине кызыкдар тараптарды тартуу;
  • Жыл сайын өзүн-өзү баалоонун натыйжасы боюнча коомчулукка отчет берүү;
  • окуучуларды тестирлөөгө даярдоо боюнча үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүү.

Ар бир мугалимдин билим деңгээлин, ишинин сапатын анык билүү үчүн акырындап мугалимдерди сертификациялоо киргизилет. Андан кийин бардык билим берүү мекемелеринде жайылтылат.

Министр Г.Кудайбердиева азыр көп тилдүү билим берүүгө талап жогорулап жаткандыктан ЖОЖ жетекчилерине  педагогикалык адистиктерде бюджеттик негизде окуп жаткан студенттерге акы төлөп окуй турган тил курстарын ачып берүү талабын койду. Бирок аны ачып кою менен чектелбестен, мектепте математика мугалими сабакты англис тилинде өтө ала тургандай сапатка жеткирүү тапшырмасын берди.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер