ГРАФИКАЛЫК ДИЗАЙН БОЮНЧА АТБга АЙЛАНЧУ ЛИЦЕЙ
- 13.12.2024
- 0
Бишкек шаарындагы №98 лицейинин окутуучулары Кыргыз Жараны концепциясынын алкагында студенттердин жарандык иденттүүлүгүн калыптандырууга багытталган усулдук-методикалык колдонмосун иштеп чыгып, ал «Китеп кербени: IT ааламында жана сулуулук тармагында” аталышындагы иш-чарада презентацияланды.
Китеп кербени — билим алуу жана маданиятты жайылтуу максатында уюштурулган. Анын негизги максаты — окуучуларга китеп окутуу, жаштарга билим берүү, адабий мурастарды сактоо жана коомду руханий жактан өстүрүү. Себеби китеп кербени аркылуу китептердин мааниси жана окуу маданияты жөнүндө окуучулар арасында түшүнүк түзүлөт.
Окуу жай Кыргыз жараны концепциясынын негизинде Башталгыч кесиптик лицейлердин окуучуларынын жарандык компетенттүүлүгүн калыптандыруу, өнүктүрүү боюнча тарбия иштерин уюштуруу жөнүндө” методикалык колдонмо, Жаңы метод менен иштелип чыккан окуу пландары, Кесиптер боюнча иш дептерлерин иштеп чыкты.
№98 лицейдин директору Чынара Сагынбекованын айтымында, методикалык колдонмонун максаты — жаштар арасында жарандык баалуулуктарды өнүктүрүүдө жана колдоодо практикалык жардам көрсөтүү. Бул колдонмо тарбия ишинде окуучулардын жарандык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө шыктандырган ар кандай ыкмалар жана куралдар спектрин сунуштайт. Ал теориялык жана практикалык бөлүктөрдү камтыйт. Колдонмо жаштар арасында Кыргыз жараны баалуулуктарын калыптандырууга өбөлгө түзүүчү чөйрөнү түзүүдө ишенимдүү жардамчы болот.
-Жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу — бул узак жана татаал процесс, системалуу мамилени жана мамлекеттин, билим берүү мекемелеринин, коомчулуктун жана үй-бүлөнүн ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүнү талап кылган иш. Бул процессте сиздер, мугалимдер жана устаттар, борбордук орунда турасыздар. Сиздер жөн гана билим бербей, келечек муунду өз өлкөсүнүн толук кандуу жарандары болууга жардам бересиздер. Ошондуктан келгиле, бирге аракет кылалы, ар бир жаш кыргызстандык өзүн Кыргыз жараны — өлкөсүнүн гүлдөп-өнүгүшүнө умтулган, жалпы баалуулуктарды бөлүшкөн, жашоону жакшы жагына өзгөртө ала турган жараны катары сезе ала тургандай болсун, — деди.
Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов, Республикалык илимий-методикалык борбордун директору Акбаралы Карабаев, борбордогу лицейлердин директорлору жана студенттер катышты.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу акыркы эки-үч жылда мугалимдердин квалификацияны жогорулатууну жогорку деңгээлге чыгаруу аракети жасалып жаткандыгын белгилеп, педагогикалык кадрды кайра даярдоодо Республикалык илимий-методикалык борбор 584 сааттын ичинде натыйжалуу иштерди жасап жатканына токтолду. Ошондой эле өлкөдөгү лицей, колледждердин алдында түзүлгөн 8 Алдыңкы тажрыйба борборунун катарына №89 кесиптик лицейи графикалык дизайн багыты боюнча кошулуусуна ишенерин айтты.
-Алдыңкы тажрыйба борборунун катары калыңдаса деген тилек айтып жүрдүк эле. Бул жаатта окуу жай алгачкы кадамын таштап, колдонмо иштеп чыгыптыр. Анда баштан-аяк билим берүү программасынын иштелмеси жана методикалык документтер камтылган экен. Ушундай документ ар бир окуу жайда болгону жакшы. №98 лицейи графикалык дизайн багытында АТБ боло алат деп ишенем, — деди.
Атактуу мугалим Гапыр Мадаминов болсо китеп кербени долбоорун ар бир окуу жай колго алышы керектигин айтты. Себеби өнүккөн өлкөлөрдө ар бир адам жылына 28-32 китеп окуса, Кыргызстанда бул көрсөткүч 0.01ди түзөт. Бул бир жаран 1-1.5 бет китеп окуйт дегенди билдирет. Адамдын мээсинде 80-100 млрдга чейинки нейрон болуп, ал качан гана китеп окуганда козголот. Ал эми уюлдук телефонду көргөндө мээге даяр образ барып, ал бат эле унутулуп калат.
Жарым кылымдык тарыхы бар окуу жай
№98 кесиптик лицей 1966-жылы түзүлгөн. Байланыш жана IT тармагындагы кадрларды окутууда көрөңгөлүү окуу жай. Байланыш тармагында билим алган бүтүрүүчүлөр өлкөнүн ар тарабында иш алып барышат. Көп жылдар бою лицей сулуулук индустриясынын бизнес өнөктөштөрү менен кызматташып келет.
Окуу жай учурда эмгек рыногуна керектелген заманбап кесиптер боюнча билим берет. Анын арасында окуу мөөнөтү 10 айлык мөөнөттөгү: системалык администратор, интернет технологиялар адиси, компьютердик дизайнер, Web программист, чач тарач боюнча адистиктер. Окуу мөөнөтү бүткөндөн кийин мамлекеттик үлгүдө диплом алып чыгышат.
Окуу мөөнөтү эки жылдык кесиптер: системалык администратор, маалыматтык технологиялардын коопсуздугу боюнча адис, Web жана мультимедиялык тиркемелерди иштеп чыгуучу, графикалык дизайнер. Окуу мөөнөтү бүткөндөн кийин мамлекеттик үлгүдө аттестат жана диплом алып чыгышат.
Ошондой эле социалдык өнөктөштөрү менен түзүлгөн келишимдердин негизинде администратор жана чач-тарач кесиби боюнча дуалдык окутуу система ишке ашырылып келет.
Ошондой эле лицейдин карамагында IT жана индустрия сулуулук тармагы боюнча эки алдыңкы тажрыйба борбору бар. Алар адистештирилген атайын лицейлер менен бир топ иш-чаралар жүргүзүүдө. Маселен, 2024-жылдын ичинде сулуулук жана IT тармактары боюнча Ош, Жалал-Абал, Баткен, Ысык-Көл, Чүй жана Бишкек шаарынын 182 устат жана мугалими үчүн тренинг, семинарларды өткөрүлдү. Мындан сырткары, мамлекеттик органдардын жана чек ара аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлерин IT тармагы боюнча окутууда.
Замандын талабына ылайык, лицей дагы санариптештирүүдө. СodiFy платформасы аркылуу мугалимдер тарабынан иштелип чыккан видео-сабактар, окуу материалдар жүктөлүп, окуучуларга аралыктан окууга жана кошумча маалымат алууга шарт түзөт.
Жумушсуз жарандар үчүн WEB иштелмеси, WEB- дизайнер, мобилография, SMM маркетинг, видеомонтаж, компьютердик сабаттуулук, компьютердик билими бар бухгалтер +1С, өздүк компьютерлерди оңдоо жана тейлөө боюнча адис, өрт өчүрүүчү-күзөт сигнализациясын жана видеокөзөмөлдү орнотуу, уюлдук телефон, планшет оңдоочу адис, көп тармактуу чач тарач, маникюр жана тырмак өстүрүү адиси, визажист боюнча бекер курстарды уюштурат. Эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмдөрү менен түзүлгөн келишимдердин негизинде Бишкек шаарында эле эмес, Чүй жана Нарында да иш алып барууда. Лицейдеги окуу борбору эки жылда миңден ашык адисти кайра даярдап чыгарды.
Айгерим Токтобаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер